Аида Саляновага каршы каралоо кампаниясы эмне жемиш берди?

Аида Салянова Адилет министри, андан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, андан соң Жогорку Кеңештин депутаты болду. Башкы прокурор кезинде агездеги президент Алмазбек Атамбаев “Аида Салянова өлкө президенти болууга татыктуу”- деп айтканы бар. Ошого чейин, андан кийин да Атамбаев президенттик шайлоого чейин бир дагы кыргыз саясатчысы жөнүндө минтип айткан эмес.

Президенттик шайлоо тушунда гана Сооронбай Жээнбековду кош колдоп берди. Көпчүлүктүн пикири боюнча Атамбаев менен Салянованын ортосунда идеалдуу мамилелер болгон. Анан эле өлкө президенти менен башкы прокурордун ортосун кара мышык аралап, мамилелери кескин өзгөрүп кетти. “Алардын мамилесинин бузулушуна эмне себеп болду?”- деген суроо жаралат? Экс-президенттин айтымында, Салянова прокурорлук кызматта коррупция менен өтө активдүү, ашыкча күрөшкөн имиш. Салянова кимдин куйругун басып алганын түшүнүп турат. “Ар бир демократиялуу мамлекетте мыйзам менен жашоо – сыймык болушу керек эле, бирок акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзам менен жашоо кооптуу боло баштады, өзгөчө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пикиринен сенин оюң башкача болуп чыкса. Бийликтин каралоо кампаниясы мага каршы машинасын кадимкидей бурду”, – деп Салянова Kaktus.media. интернет-порталына билдирген.

Салянова өзүнө карата куугунтукту прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп, Бишкектин ЖЭБиндеги коррупция жөнүндө “Жезказган энергосбыт” казак компаниясы кайрылганы менен байланыштырат. Белгилүү болгондой, 2014-жылы бул компания Бишкек ЖЭБ үчүн 630 миң тонна жогорку калорийлүү көмүр сатып алуу боюнча “Электр станциялары” ААКсы жарыялаган тендерге катышкан. Натыйжада, ишкананын жетекчилиги көмүрдү “Жезказган энергосбыт” казак компаниясынан сатып алуу чечимин кабыл алат. Бирок, ошол эле жылдын күзүндө “Жезказган энергосбыт” казак компаниясын “көмүр менен камсыз кылууда тажрыйбасы болбогондуктан” деген шылтоо менен алардан баш тартышат, көмүрдү болсо “сапатсыз экен” деген жыйынтык чыгарышат. Ошондо бул компания Кыргызстанда көмүр менен камсыз кылууда мыйзам бузуулар болуп жатканын билдирип, Башкы прокурорго кайрылышкан. Натыйжада Аида Салянованын жолдошу – Бакыт Абдыкапаров Саляновага мыйзамсыз көмүр ташуу жөнүндө маалыматты жеткирип, акыры өзү Бишкектин ЖЭБине туура эмес келишим менен көмүр алынган деген шылтоо менен соттолгон. Ошол эле учурда, көмүр ташып келүү боюнча расмий чечим кабыл алган “Электр станцияларынын” жетекчилиги, Каржы министрлиги, тендердик комиссия – бирөөсү дагы Бакыт Абдыкапаров жөнүндө угушкан эмес. Келишимге Абдыкапаров катышкан эмес.

Жактоочусу Тимур Жанаевдин айтымында, иштин материалдарында бул боюнча кынтыксыз далилдер бар. Ошого карабай, ойдон чыгарылган иш өтө активдүү жүрүп, Аида Салянованы кызматтан алууга себеп болуп, кийин Башкы прокурорлуктан кетип олтурат. Аида Салянова өзү 5 жылга кесилип, баласы 14 жашка (азыр кызы 3 жашта) чыкканга чейин камоо мөөнөтү узартылган. Ага акылга сыйбай турган айып тагышкан. “Салянова Адилет министри болуп турганда 2010-жылдын 28-июнунда Алексей Елисеевге адвокаттык лицензиясын узартып берген» деген айып менен иш козголгон. Мамлекеттик айыптоочулар: “Елисеев пайда таап, ал лицензия менен Латвияда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган” дешет. “Ой, кайдагы пайда, биздин лицензия ал жакта иштебейт да?”,- дейт Салянованын жактоочусу. Бирок мындай жагдайлар эч кимди кызыктырбады,  эң башкысы – ким болбосун, маселе жараткан кишиге айып тагуу керек эле. Жогоруда айтылган көмүр мафиясына экс-президент Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар. “Шубаркул” көмүр кенинин ээси, казакстандык миллиардер Александр Машкевичтин кызыкчылыгын көздөп келген, ал Кыргызстандын көмүр базарына толук ээлип кылып, ортомчу фирмасы “Рассвет компани” аркылуу иш алып барып келет. Ал эми бул фирманын ээси – Машкевичтин өнөктөшү – Паттох Шодиев.

Кимде-ким Машкевич-Шодиев монополиясын бузууга аракеттенсе, Атамбаев өз байланыштары менен мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, Кыргызстандын көмүр базарына киргенге аракет кылганды жер менен жексен кылганга даяр. Мисалы, “Мамлекеттик резиденция-1” объектинен топтошкон балдардын Улуттук гвардиянын жоокерине кол салганы алигүнчө табышмак бойдон калды. Ал жакта президент баш болуп, жогорку кызматтагы адамдар жашаганы белгилүү. Аида Салянова кайсыл үйдө жашаганын сурашып, жоокерди сабап салышкан, бирок кылмыш ишин формалдуу түрдө гана козгошуп, кол салгандарды эч ким издеген эмес. Кызыгы – бул Атамбаев менен Салянованын ортосунда келишпестик жаралганда болуп олтурат, чатактын себеби – Бишкектин ЖЭБин көмүр менен камсыз кылуудагы мыйзам бузууларды прокуратура текшере баштаган эле. Бул кылмыш иши боюнча жыйынтык дале жок.

А.Сатындиева

Булак: Майдан

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *