«АиФ»: Кыргыздар жакырчылык менен ыңкылаптардан тажап, ал эми президенттик кызмат – атууга кете тургандай болуп калган

Орустардын “Аргументы и Факты” жумалыгы 30-октябрда жакында эле Кыргызстанга келип кеткен кабарчысы Георгий Зотовдун репортажын жарыялады. Автор кыргызстандыктардын Орусияга болгон мамилесине, азыркы бийликке болгон ишенимине, корррупциянын деңгээлине жана башка көптөгөн маселелерге кызыккан. Чет элдик журналисттин көз карашы кыргыз окурманына кызыктуу болобу деген кыязда орусчадан которуп берип олтурабыз.

Жакында эле Бишкекте бийликти алмаштыруу аракети жүзөгө ашпай калды, бирок бардыгы эле бир ооздон – жаңы төңкөрүш болот деп болжолдоп калышыптыр. Кыргызстан “түндүк коңшусунан” эмне күтөт жана биз республикага кандай жардам бере алабыз, атүгүл кичинекей бөбөктөр кайсыл жерде бири-бири менен орусча сүйлөшөт?

– Э, дос, эмнеге революция жаман экен? Биз балдар чогулуп алып, соода борборлорун тонойлу дегенбиз, мен апама телевизор убада кылып койгом да. Барсак, милиция-пилиция дүкөндөрдү курчап алыптыр, үйүңөргө тарагыла, болбосо сабайбыз – дейт. Менин кадимкидей ыйлагым келип кетти!

26 жаштагы Рустам кадимкидей кейип турду. Тогуз жыл мурун Бишкекте болгон төңкөрүш жакшы эсинде экен. Эл дүкөндөрдү талкалаган: уурулар болгон электрониканы ташып кетип, жакшы эле тоюнушуптур. 2019-жылдын 7-8-августунда Бишкекте кайрадан ыңкылап болуп кете жаздады – өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаев камакка алуу аракети көчө тополоңуна айланды. Мурдагы президент жыйынтыгында колго түшүп берип, түрмөгө кирди, ал эми кыргыздар – азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тактыда канча олтура алат экен деп мелдешип да жатышат. Кыргызстанда президенттик кызмат – атууга кетчүдөй эле окшойт. Эгемен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин Москвага качып кеткен, экинчиси Курманбек Бакиев 2010-жылы Минскиге качты, үчүнчүсү – темир тор артында олтурат. “АиФдин”баяндамачысы Орусия менен дос болгон мамлекетте ушундай цирк болуп жатса, Орусия Кыргызстанга кантип жардам бере алат? – деген суроолорго жооп издедим.

“Тономойлор буйрук менен болгонбу?”

Бишкекте дароо эле мага мындай анекдот айтып беришти. “Коңшу мамлекет кыргыздарда төңкөрүш болушуна буйрутма кылган имиш. Эртең менен терезеден карашса эле – аянтта эски маршрутка токтоп турат дейт. “Ой, ушундай эле күч менен революция кыласыңарбы?” десе, – “Аа, сизге тополоң салып, тономой керекпи? Аны деле кылып коебуз” – дептир. Күлкү күлкү менен, бирок милиция менен тирешип, өкмөт үйгө чабуул жасаганды каалагандар четинен табылат экен. Кыргызстанда орточо айлык акы – 15 миң рубль, а чын-чынына келгенде, Бишкекте бүджеттегилер – айына 10-11 миңден ашык алышпайт. “Биздин путч аябай баео өтөт, -дейт жергиликтүү театрдын режиссеру. – Беш жүздөй киши президенттин сарайына кирип, 50 миңдейи дүкөндөрдү тоной баштайт. Бул жакыр эл үчүн “шопинг” кылуунун жалгыз жолу, ансыз дубленка же телевизор сатып алалбайсың. Ала-Тоо аянтында ыңкылапта окко учкан жүзгө чукул кишиге эстелик коюлган: белгисиз снайперлер элди аткан, бирок бирөөсү да кармалбаптыр.

– Биздин президенттер ушундай – аны каарданган элден коргоп калгыдай өлкө боюнча эки миң киши да чогулта албаганын карачы, – деп бизнесмен Ибрагим Алтынбаев таң калды. – Кыргызстандагы эң негизги көйгөй – кандай бийлик болбосун, аябай алсыз. Машыккан топ балдар болсо эле болду, каалаганыңды алып түшөт. Орусиядагыдай өкмөттү кантип колдосо болот. Бүгүн жаңы президент шайлайсың, эртең ал Минскиге качып кеткен болот.

“Орусиянын Кыргызстанда негизги жаза тайганы – силердин дипломаттар бир гана бийликте олтургандар менен сүйлөшөт, – дейт “Чыгыш-Батыш стратегиясы” аналитикалык борбордун башчысы Дмитрий Орлов. – Ал эми америкалыктар бардыгы менен кызматташат: өкмөт менен да, оппозиция менен да. Өздөрүн сонун көрсөтө алышат. Бул илгерден бери карай эле болуп келген – мисалы, 1979-жылы Ооганстанда ыңкылапчылар жерди дыйкандарга берсе, помещиктерден коркуп, албай коюшкан. Анан ачкачылык башталган. Ошондо СССРден азык-түлүк жардам – буудай, суулуу, жүгөрү ташылып барылган. Мүшөк-мүшөк болуп, аны бирден кишиге бере албайсың да. Ал эми америкалыктар кичинекей кутучаларга салып, “АКШда жасалган” деп жазып коюшкан. Ооганды ачкачылыктан АКШ сактап калган деп ойлошот. Бул жерде деле ошол. Орусия Кыргызстанга көп эле каражатын сарптады,  бирок пиар жасаганды билиш керек: кандай пайда болуп жатканын эл билиши керек”.

“Европага бекер да кереги жок”

7-8-августта өз дачасында эс алып жаткан экс-президент А.Атамбаевди камакка алуу аракети ачык эле шоуга айланып кеткен – анын жансакчылары Кыргызстандын атайын кызматынын офицерлерин барымтага алып, бирөөсү каза болуп, 20 чактысы ар кандай жаракат алып олтурат.

– Уят эле, – дейт Кыргызстан ИИМинин мурдагы кызматкери Рахим Ойбеков менин менен шишкебек жеп олтуруп. – Бизде кароолу бар бай кишини камакка алганга да жөндүү милициясы жок, ыңкылапты күнүгө түштөн кийин уюштура берсең болот. Бизде элди көкүтүп турган кишилер бар – анан Орусияны эмне кереги бар болот? Келгиле, Прибалтикадай бололу, орустар менен урушуп кетели да, Европага жалдырайлы. Мен картаны көрдүңөр беле? – деп сурап калам. Биз Европага бекер да керегибиз жок. Макул, Орусия бул жерде болбой калды, кол үздүк дейли. Анан эмне болот? Эки жыл өтпөй Кытай келет, же исламистер басып алат – сөөгүбүз да калбай калат.

Чындап эле Бишкекте кадам сайын кытай дүкөндөрү менен ресторандарына туш болосуң. Сауд Аравиясы каржылаган борборлор бар, “чыныгы исламга” макул болсо, паранжа кийгени үчүн аялдарга акча төлөп турушат экен. Орусия Кыргызстанга канча кылып жатканынан уялып турганда, анын ордун башкалар ээлеп жатыптыр. Аларга эч кандай кысым жок.

Миллионер болгон айдоочу

Ош базарында, чайканаларда, жөн эле көчөдө – жергиликтүү саясатчылардын ичип-жегенин эле айткан киши. “Мурдагы президент Атамбаевдин шоопуру алты жылда мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, миллионер болуп алды, – дейт курма саткан Батыр. – Анын киши өлтүрүү боюнча түрмөгө салынган жансакчысы Атамбаев бийликке келгенде мунапыс алды, азыр ал – эң бай адам. Анча акчаны кайдан алып жатышат? Шефи президент болгондо эле таланттары ачылып кетиптирби?”

“Бизде бир эле система бар, – дейт жаңгак саткан коңшусу Орозбек. – Министр бол да, уурдап-уурдап туруп, качып кетип кал”.

Мен республиканын жаңы лидери Жээнбековду мактаган бир да кишини жолуктура албадым.

– Биз Орусияга бардык жардамы үчүн ыраазыбыз, – дейт врач Каримбек Окулов. – Силердин өлкө миллиондогон кыргыздарга жумуш берди, толтура шаарларыңардан бизге акча которулуп жатат. Бирок орустар Кыргызстанга берилген каражаттарды көзөмөлдөбөй жатат. Бекер кылат – анын бардыгы уурдалып жатпайбы. Биздеги коррупция силердин түшүңөргө да кирген эмес. Тээ эгемендүүлүк башында Орусия грант түрүндө Кыргыз Жазуучулар союзуна 50 млн рубль берген – ал акчаларды жытсыз жок болду. Уурдап эле жатышат, уурдап эле жатышат, тойбой коюшту!

Бишкектен мектептен келаткан балдарды көрүп калдым. Бардыгы, эң кичинекейлеринен бери бири-бири менен орусча сүйлөшөт экен. Көчөдөгү жарнамалар – жалаң орусча, китеп дүкөндөрдө жалаң орус тилиндеги китептерди сатып алып жатышат. Кыргызстанда Орусияны жакшы көрүшөт экен, бир мектеп окуучусунун жалгыз кыялы – институтту бүтүп, Орусияга иштегени кетүү экен. Бирок төңкөрүштөрдөн, туруксуздуктан, коррупциянын айынан бардыгы башка абалда. Батышка чукул болуш керек деген кишилер бар, министрдин деңгээлинде криллицадан баш тартып, латын тамгасына өтүү айтыла баштаган. Бул башталышы гана… эртең кандай болуп кетет, ким билсин?

Туура, Орусия Кыргызстан менен болгон саясатын өзгөртүүгө тийиш. Уялбай-этпей эле өзүн жакшылап реклама кылбаса болбойт экен, ар бир жолуккан кишим Орусиянын кыргыз экономикасы менен маданиятына кошкон салымын сурап жатты. Эң башкысы – бул жакка берилген акча каражаттарын көзөмөлдөп туршубуз керек экен. Ошенткенден көрө. миллиондогон рублдерди чоочун аткаминерлердин чөнтөгүнө салбай, өзүбүздүн пенсионерлер менен бүджеттегилерге бергенибиз жакшы эмеспи.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: “АиФ” жумалыгы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *