Ай аттарын “Көктөм”, “Чилде” деген кыргызча сөздөргө алмаштыруу сунуштады

 

“Тарых жана маданият” жылынын алкагында Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 12-майда “Кыргыз жылсанагын тактоо” деп аталган республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү

Жыйынды ачуу үчүн сөз сүйлөгөн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов учурда бирдиктүү аталышка ээ боло албай, талаш-тартыш, кызуу талкуу жаратып жаткан ай аталыштары боюнча маселелерге чекит коюп, бирдиктүү аталышты кабыл алуу максатын көздөгөн илимий-практикалык конференция олуттуу кадамдарга өбөлгө болоруна ишеним артарын билдирди.

Ошондой эле, конференциянын ачылышында Президенттик аппараттын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Эргешов, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевдер конференциянын актуалдуулугу тууралуу кеп козгошту.

Баяндамачылардын бири Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Абакир Калыбеков өз баяндамасында 13 айдан турган өзгөчө календардын үлгүсүн көрсөтүп, улуттук илимий мурас катары ЮНЕСКОго сунуштаса болорун айтты. Ал эми КР Эл артисти Түгөлбай Казаков ай аттарын кыргызча атоодо “Көктөм”, “Чилде” деген сыяктуу нукура кыргызча аталыштарды сунуштады.

Конференциянын соңунда кыргыз жылсанагын тактоо боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иш жигердүү улантыла турган болду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *