Айбалаев чек ара боюнча Адаханды айыптады…

Ушул тапта Баткен тараптагы кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып жаткан учуру. Ал жердин чоо-жайы мындан 10 жыл мурун кыргыз тараптын Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоого жана көпүрө курууга 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун алышына барып такалат. Тажик тарап «бул тилке ижарага алынган» деген негиз менен аны өзүнө караштуу деп эсептесе, кыргыз тарап ал жакты тактала элек чек ара тилкеси катары белгилеп келет. Ызы-чуунун башы кандайча башталаары ачыкка чыга баштады. 2008-жылы 26-ноябрда жана 2009-жылы 3-марттагы эки тараптын Коопсуздук кеңештеринин катчылары кол койгон протоколдордо Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоп, ал жерге көпүрө салыш үчүн дарыяны жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга алуу маселеси макулдашылгандыгы да айкын болду. Буга Бакиевдин башкаруу мезгилинде коопсуздук башчысы болуп олтурган Адахан Мадумаровдун түздөн-түз тийешеси болгонун, бир кездеги Баткендин губернатору болгон Мамат Айбалаев ачык эле айтып чыкты. «Жака-Өрүктө чек ара маселе чыкпадыбы. Бул маселе чыкпайт болчу. Бакиевдин мезгилинде ошол жерге жол салынып жатканда дарыянын боюнан баштай, Жака-Өрүккө чейинки 275 метр жерди ижарага алуу боюнча Мадумаров тиешелүү протоколго кол коюп салган. Ошондон тартып Баткендин Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрү, Лейлек району жана Сүлүктү шаары толугу менен эксклав болуп калды. Себеби, ошол документке кол коюлгандан тартып аймактын Мачайыга жана Чоркуга кеткен жагында үйлөр түптөлө баштаган. Бул жер негизи бош турган кыргыздын жери болчу» – дейт Айбалаев. Ал эми ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров сүйлөшүүлөрдүн кийинки этаптарына эле жол ачып берген жагдайда болчу дейт.

«Ошол мезгилде бизде Тажикстанды айланып өтүү маселеси чечилген. Биз мындай макулдашканбыз. Тажик тарап электр энергиясын Өзбекстандан өз алдынча алып өтөт. Биз болсо анын аймагын басып өтпөгөндөй кылып, өткөнгө жол салып, айланма жолго чыгууга укук алганбыз. Ошондой макулдашканбыз. Натыйжада биз толугу менен кыргыз авто жолдорунун көз каранды эместигин камсыз кылган болчубуз. Биз бул боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкенбиз. Бирок, бул иш ошондон ары карай тынымсыз жыйналып, чечилип турушу керек эле. Ошондон кийин кандай иш алып барышты? Кандай келишимдер болгону мага белгисиз» – деди Мадумаров.

Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 49 жылга ижарага берилип, бирок анын ордуна 275 метр узундуктагы 5 гектар жер берилбей калган жагдай 2011-жылы ачыкка чыккан. Парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитети 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында кол коюлган ал макулдашуунун шарттары аткарылбай калгандыктан, «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет» деген негиз менен аны ратификациялоону четке кагуу боюнча корутунду чыгарган.

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *