Айбек Каниетов, хирург: Хирургияга мамлекеттен колдоо жок, маяна аз

Айбек Каниетов №1 шаардык клиникалык оорукананын шашылыш хирургия бөлүмундө хирург болуп иштейт. КММАны 2007-жылы бүтүрүп,ошол эле академиянын ГКБ №1 базасында жайгашкан факультеттик хирургия кафедрасында ординатурага өтүп, 2009-жылдан баштап ал жерде хирург болуп эмгектенип келет. 2015-жылдан тартып ошол эле кафедрада ассистент-окутуучу болуп да эки жумушту бирге алып барат. КММАнын 4-курстагы студенттерине хирургиядан сабак берип, дарылоо иши менен да алек. Биз жалпы хирургия жана андагы көйгөйлөр тууралуу кеп козгодук.

– Айбек, сөз башында жалпы хирургия боюнча түшүнүк берип кетсең, андан кийин сөздү улайлы?

– Жалпы хирургия – бул негизинен абдоминалдык, башкача айтканда, ички органдарынын хирургиясы. Алар: ашказан, жоон жана ичке ичеги, аппендикс, боор, өт баштыкчасы, өттөн суюктук чыгаруучу түтүкчөлөрү, уйку без жана көк боордун оорулары. Ошондой эле жалпы хирургия тармагына ириң, эндокриндик оргаңдардын оорулары да кирет. Мындан сырткары, жалпы хирургия өз ара кайра ичинен кууш багыттарга бөлүнүп, гепатобилиарная хирургия – боор, өт, уйку без. Колопроктология – жоон ичеги. Энкринная хирургия – калкан без ж.б. органдары.

– Учурда кайсы илдетке кабылган бейтаптарга операция көп жасалат?

– Биздин ооруканада эң көп операция өттүн өнөкөт таш оорусуна жасалат. Жылына бери дегенде миңге жакын өт алабыз, өт алгычтарбыз (күлүп). Азыркы учурда дүйнөнүн баарында практикаланган мини инвазивдүү лапараскопия деп, кичинекей 1 см. тешиктер аркылуу заманбап технологиянын жардамы менен операция жасайбыз. Бейтапты 1-2 күндөн кийин үйүнө чыгарып, андан ары бир жумага жетпей жумушка чыгышына аракет кылабыз. Бирок, бүгүнкү күндүн эң орчундуу проблемасы бул эхинококкоз жана альвеококкоз оорулары. Же болбосо адамдын организмдеги мите курттар менен хирургиялык жол аркылуу күрөшүү. Биздин оорукана бул багытта да тыгыз иштейбиз. Союз маалында, андан кийин деле биздин ооруканада боордун жана өпкөнүн эхинококкозу жана альвеококкозу багытында көп илимий иштер жасалып, биздин агайлардын жасаган эмгектеринин натыйжасында мол тажрыйбалар пайда болгон. Андан сырткары, азыр да мурун дарылоого болбойт деп аныкталган альвеококкоз оорусунун жаңы операция ыкмалары чыгып, натыйжалар жаман эмес, бир аз болсо да жакшырды.

– Эхинококкоз илдетин угуп жүрүптүрмүн. А жанагы альвеококкоз оорусун…

– Боордун эхинококкозунун хирургиясы боюнча «бүгүнкү күндө баардык проблемалары чечилди» деп айта алсак, альвеококкоз тууралуу антип айта албайбыз. Бул оору рак оорусуна окшоп өскөнү үчүн дагы эле бизге өтө татаал болуп атат. Негизи эле альвеококкоз азыркы учурда биздин мамлекет үчүн көйгөй десек жаңылышпайм. Күндө эле ар кыл соцтармакгарда, телерадиодо же гезит-журналда, болбосо жаңылыктарда бир жаш бала же жаш кызга боор алмаштырууга акча жардам сурап жаткандыгына күбөбүз. Ошолордун 90 пайызы өтүшүп кеткен боордун альвеококкоз оорусу. Баардык бейтаптар айыл жергесинин тургундары жана жаштар.

– Кайдан пайда болот?

– Бул оору эң негизгиси иттен жугат. Иттин ичегисинен заң аркылуу жумурткалары түшүп, алар жуулбаган кол, жер-жемиш аркылуу ашказанга кирип, андан канга өтүп, боорго барып такалат да, ал жерде личинкасы өсө баштайт. Ал боордун баарына өсүп бүтүп, анын тегерегиндеги органдарга да өтүп кетет, андан сырткары кан аркылуу алыскы органдарга метастаз берет. Ошон үчүн бул ооруну көбүнчө рак менен окшоштурушат. Жаман жери бул оору боордун чоң кан тамырларына өсүп кеткенден кийин операцияга жарабай калат, ал учурларда бир гана трансплантация керек. Бирок, бизде орган алмаштыруу жок болгоңдуктан, бул бейтаптар ири суммадагы каражатка башка өлкөлөргө барып операция жасатып келүүгө муктаж. Ошондуктан, бул ооруну эрте стадиясында операция жолу менен боорду резекция кылып алып салуу керек.

– Кептин баары өтүшүп кеткенинде экен да?

– Ооба, туура айтасыз. Кыргыздар качан гана төшөккө жатып калганда, айласы алты кеткенде ооруканага кайрылып атпайбы. Биздин көйгөйүбүз -ушул ооруларга жогорку технологиядагы дарылоо ыкмаларын колдоно албай трансплантация жасай албагандыгыбыз. Бейтаптардын жети атасы тааныбаган, бөлөк-бөтөн жерде жардам сурап жүргөнүн көрүп, укканыңда, арданганымдан жерди муштап-муштап кала берем. Бирок эмне кыла алабыз? Мамлекеттен колдоо жок, ооруканалар эптеп шашылып хирургияны колдоп берет. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй керектүү жогорку технологиялык жардам көрсөтө албайбыз.

– Дары менен эле айыктырса болобу? Бычактан көбү эле коркот да?

-Хирургиялык оорулар «операция болуш керек» деген оорулар. Ал ооруну операция жолу менен айыктырбаса, акыры өлүмгө алып барат. Көп эле учурлар болот, бейтаптарга «эртерээк операция кылыш керек» десек, коркуп кетип калып, бир нече убакыт өткөндөн кийин күчөп кеткенде келишет. Мисалы, чуркуну эрте жасабаса көлөмү чоңойо берет, кийин чоңураак кесилет, ичегилер кысылып калып, ичегилер кесилет. Өттүн ташы акыры түтүкчөлөрдүн жабылышына, адамдын саргайышына алып келет. Альвеококкоз курту баардык жерге өсүп кетип орган алмаштырууга алып келет.

– Көйгөй жок эмес экен…

– Албетте, көйгөйлөр көп, хирург болуш оңой эмес, өзгөчө Кыргызстанда. Маяна аз, керектүү аппарат, техника, медициналык каражаттардын жетишсиздигинен айла жоктон тобокелге салып операция жасайбыз. Бирок, хирургияны сүйүш керек. Кээде кыйналган учурларда «башка эле оңоюраак, акчасы көбүрөөк жумушта иштесемби?» деп кетип калгың келет. Бирок, ата-энебиз окутуп-чокутуп, агайларыбыз убакыт коротуп үйрөтсө, канчалаган маңдай акы терлер төгүлдү. Анан эле атуулдук, патриоттук сезимдердин натыйжасында дем, күч алып ишке билек түрө шымалана киришеби.з. Операция кылып, бейтап айыгып, аман-эсен сакайьш үйүнө кетип бара жатканда чын дилимден кубанып, аз да болсо бул дүйнөдө бекер жүрбөгөнүмө канааттанып кетем…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *