Айбек Мырза: «Аборт кылдырууга менин укугум», «Бир жыныстык никеге болгон укук» деген сыяктуу терс түшүнүктөрдүн жайылышын токтотуу керек!»

Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине барып, өз көзү менен көргөн нерсени активист жаран Айбек Мырза “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, аны токтотууну талап кылды.

Анда: “Максатбек Казакбаев экөөбүз Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр музейине барып келдик. Мени өкүндүргөн бир нече сүрөттөр тууралуу жазууну туура көрдүм.
1) “ОБОН” деген музейдин өзүнүн сүрөтү. Аялдардын колдорундагы койдун кесилген башын таякка сайып алып колдоруна кармап алгандыгы;
2) «Феминисттер» коому уюштурган көргөзмөдөгү “Аборт кылдырууга менин укугум”, “Бир жыныстык никеге болгон укук”, “Паркта бала эмгизүүдөн уялбайм”, “Ажырашууга болгон менин укугум” ж.б. түшүнүктөрдү жайылышы.
Мунун баары улуттук идеологиянын жоктугунан келип чыккан көрүнүштөр. Мамлекеттин бул багытка көңүл бөлбөгөндүгү, тарбия берүү маселесинин колго алынбагандыгы. Бул бара-бара кыргыз улутунун өзөгүн өрттөөгө алып барат. Ээсибиз барда этегибизди жыйалы!

Музейде Герцендин “Манас” эпосуна байланышкан сүрөттөрүн көргүм келет»,-деп жазган Айбек Мырза.

Дал ушул жат көрүнүшкө каршы акция бүгүн, 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында өтөт. Уюштуруучу активист жаран Мелис Аспеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *