Айданбек Акмат, журналист: “Атамбаевдин планы боюнча Сооронбай Жээнбековду эч кандай финансылык булактарга, чечимдерге, финансылык кадрларга жолоткусу келген эмес. Жөн гана куурчак катары турат деп ойлогон”

-Айданбек агай, өзүңүз көп жыл иштеп кеткен “Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон доллар деп өз иликтөөсүн серия кылып жарыялап жатат. Сиз биринчи иликтөөдөн кийин өз оюңузду айтып, анализ жүргүзүп келатасыз. ‘‘Азаттыктын” иликтөөсүнө толук ынанса болобу?

– Биринчи иликтөөдөгү пакетке салынган акчалардын баардыгын көрсөтүп “Ушул Райым Матраимовдун, Айэркен Саймаитинин жасаганы” деп айткан жагдайларга ошол кезде эле өзүмдүн оюмду айткам. Кыргызстанда челнок бизнеси башталгандан бери эле ар бир коммерсант пакеттеп акча жөнөтөт. Мындай жол менен акча жөнөтүү бир жагынан ар кандай формалдуулуктардан бошотсо, экинчи жагынан арзан түшөт. Биздеги карголор коммерсанттардын накталай акчасын пакеттерге салып, Түркияга, Кытайга, Дубайга ташып жүрүшөт. Ошондуктан, пакеттеп акча ташуу илгертен келе жаткан көрүнүш. Бизде бандиттер дагы накталай акча ташыганга кынык алып калышкан. Алар 3-4 жылда бир жолу накталай акча ташып кетип бараткан чабармандарды чаап, акчасын алып турушат. Ош аэропортундагы, Бишкек-Торугарт жолундагы карактоолор, акыркысы Манас аэропортунда болду. Бул жерде бандиттер менен жаңы расмий топтор дагы ошонун үстүнөн иш кылышат. “Азаттыктын” иликтөөсүндө 700 млн доллар жөнүндө сөз болуп жатпайбы. 700 млн доллардан көп акча которулуп турат. Биздин Кытай менен бир жылдык эле соодабыз 7 млрд долларга жетип кеткен учурлар болгон. Ошондуктан, бул жерде адамдардын үстүнөн дүңүнөн эле баа берип коюш кыйын. Укук коргоо органдары кылдаттык менен карап чыкчу маселе. Бирок, бир нерсе ачык, дайын. Бажы тармагыбызда коррупция, аткезчилик гүлдөп өскөн. Айэркен Саймаитинин иликтөөнүн экинчи бөлүгүндө айткан сөздөрү, ички операция болгон акча которууларды аткезчиликти жасап жүргөн адамдын билдирүүлөрү. Ушундай нерселер бажы тармакта жүрүп келгенин көпчүлүк боолголоп билсе, Саймаитинин айткандары ички операция кандай болорун ачыктап берди. Бул коррупциянын 100 миң долларлык токочуна бир эле бажы кызматы эмес, ар бир күч структуралары да аралашкан. Себеби, аткезчилик жолу менен келаткан товарды УКМК же Каржы полициясы, прокуратура текшерип, авто унааларды токтотуп койсо эмне болот? Эч ким текшербейт, аларга жашыл түс. Ошондуктан, бул жерде бүтүндөй күч структуралардын жетекчилери аралашкан уурулуктун чынжыры бар. Бул нерсе керек болсо эң бийик жерге чейин жеткен. Бийик жерден көзөмөл жүргөн соң, төмөн жактагы министрликтер өз үлүшүн алып, иш уланып келаткан көрүнүш деп эсептесек болот. Биздеги эң кейиштүү көрүнүштүн бири ушул. Күч структуралардын жетекчилери менен бейрасмий түрдө сүйлөшсөң моюндарына алып, айтып беришет.

– “Азаттыктын” биринчи иликтөөсүндө “Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар” деп айтылган эмеспи. Ошондо, көпчүлүктө мамлекеттин бюджетинен 700 млн доллар чыгарылып кеткен турбайбы деген ой жаралган. Экинчи бөлүктө Саймаити өзү “Өзбекстандан чыккан акчаны банк аркылуу же накталай ташыганбыз” деп айтып жатпайбы. Иликтөөдөгү мындай эки башка маалымат элдин психологиясына ойноо үчүн атайын жасалган эмеспи?

– Айэркен Саймаити бул системада жүгүртек болгону экинчи бөлүмдө анык болду. Эң башкы фигура Хабибула Абдукадыр экени ачык көрүндү. Хаибула Абдукадыр бир эле Кыргызстан эмес Өзбекстан, Казакстан менен коммерциялык иштерди жүргүзгөн адам болуп чыгууда. Билген коммерсанттар менен сүйлөшсөң, алар “Бул адам Москвадагы Черкизов базарында дагы роль ойногон” деп айтышат. Черкизов Исмаилов деген жөөт адамдын базары болгон. Ошол базарда Хабибула чоң иштерди жүргүзгөн экен. Демек, Москва, Өзбекстан, Казакстандан келген акчалар транзит аркылуу Кыргызстандан чыгып турган. Өзбекстандан эмне үчүн чыгаруу кыйын? Ал жакта биздегидей валюталык эркиндик жок. Баарын мамлекет катуу көзөмөлгө алат. Ошондуктан, “кара базарда” акчанын курсу менен расмий курста чоң айырма бар. Мындай шартта банк аркылуу акча которуу дээрлик мүмкүн эмес. Ошон үчүн накталай акчаны Кыргызстанга алып чыгып, банк аркылуу которушкан. 700 млн доллар алып чыгып кеткен акчанын аз эле бөлүгү болушу мүмкүн. Андан көп суммалар күн сайын накталай акча менен чыгып кетип жаткан. Биздин күч структуралары азыр деле Түркия жана башка өлкөлөргө учуп жаткан самолётторду текшерсе, сумкалап кетип жаткан акчалар чыгат. Кыргызстандагы ушул көрүнүштү жарым легалдуу десек болот. Акчалар соодадан келип чыкканы менен аткезчилик аралашкан болушу мүмкүн. Соодагерлер товарды өзүнүн акчасына эле сатып келишет, бирок бизге келгенде бажы төлөмдөрү төлөнбөй, базарларга кирип кетет.

– Түштүк аймак боюнча бажыны көп жыл башкарып турган Райым Матраимовду 700 млн доллардын Кыргызстан аркылуу чыгышына күнөөлүү деп саноо туура элеби?

– Антип айтуу туура эмес болуп калат. Акча которууларды көзөмөлдөгөн Каржы полициясы, Финансылык чалгындоо кызматы бар. Ошолор банк аркылуу канча сумма акча которулганын, кандай акча экенин текшерип турган. Негизги көйгөй Кытайдан келген товарлардын бажы төлөмдөрүн төлөбөй, ар кандай коррупциялык, аткезчилик жолдор менен келип жатышында. Мына ушул жерде негизги ролду бажычылар ойногону белгилүү.

– Алмазбек Атамбаев Хабибула Абдукадырды “Мага Сооронбай тааныштырган” деп айтып жатат. Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы “Атамбаев менен таанышкандан кийин кандай мамиле жасаганы белгисиз…” деп маалымат таратты. Абдукадыр менен Атамбаевдин кучакташкан сүрөтү фейк эмес экени далилденди. Демек, Абдукадыр Атамбаевге жетүү үчүн ар кандай жолду колдонгонбу?

– Хабибула Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын базарларында роль ойногон ири коммерсант болуп жатат. Бул адам биринчи кимге таандык болгон? – деген маселеге келгенде абдан талаштуу жагдай түзүлүүдө. Бири-бирине төңкөрүшүүдө. Бирок, президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүндө “Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда губернатор болуп турган мезгилинде, инвестициялык форумда Кытай-Кыргыз автономиялуу облусунун губернатору Фархад Турду жана Хабибуланын кичине иниси таанышкан” деп жатат. Демек, 2012-жылда эле Хабибула Кытай- Кыргыз автономиялуу облусунда, Уйгур автоном облусунда таасирдүү адам болгон. Иниси эле губернатор менен кошулуп, ошондой иштерди кылып жүргөндүктөн, булар абдан түптүү коммерсант болгонунун белгиси. 2012-жылдан кийин эле Сооронбай Жээнбековдун Абдукадырлар менен байланышы үзүлөт да, 2017-жылы Хабибуланы Жээнбеков Атамбаев менен тааныштырат экен. Андан аркысын билбейт деп маалымат берди. Андан кийин Атамбаев кызматтан кеткен. 2012-жылдан 2017-жылга чейин эмне болгон? Абдукадыр кимдин колтугунда жүргөн? Ушул иштерди кимге таянып жасап жүргөн? Сооронбай Жээнбеков дейин десең, ал болгону губернатор болгон. Күч структураларынын баарына таасир бере албайт. Баардык түзүмдү бир нукта иштетүүнү президент же ага абдан жакын киши гана иштете алат. Эгерде бизде чыныгы мамлекеттик дарамет, көз карындысыз парламент болсо, бул схемалар кандай болгонун ошолор гана изилдеп чыкмак. Азыркы учурда баардык нерсенин башы ачылат деген болбойт.

– Атамбаев өзүнүн жакын адамдарын күч структураларына алып келип олтургузбады беле. Мүмкүн ошол аракет чоң схеманы көзөмөлдөп туруу үчүн болгонбу?

– Бул логикалык жактан абдан туура. Атамбаев “Мен алданып калыпмын, билбей калыпмын, укпаптырмын. Мени алдап жүрүшүптүр… Кийин билдим…” деп айтып жатат. Буга ишенүү кыйын. Күч структураларда иштеп жүрүшкөн адамдар “Бажы тармагынан ай сайын биринчи адамдарга 13-15 млн долларлык акча киргизилип турат” деп айтып жүрүшкөн. Кийин ушул нерсе Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов “Мына, биз Райым Матраимовду кызматтан алаар замат Оштун бажысынан 2 млн эмес, 15 млн түшө баштады. Бишкектин бажысынан 30 млн эмес, 60 млн түшө баштады. Коррупциялык схеманы токтоткондон кийин ушундай болуп жатат…” деп айтышкан. Ушул суммалардын жылдык суммасын санап чыксаңыз, айга бөлгөндө 15 млн доллардын тегерегиндеги акча болот. Демек, Исаков, Кулматов Атамбаевдерге түшүп жаткан ошол акча башкаларга барбаш керек деген логика менен сырды ачып жиберишкен. Алардын айтканы көчө адамдарынын сөзү катары калып калды. Өздөрү маргиналдашкан адамдар катары саналды. Түшүнгөн адамга булар маргиналдашкан адамдар эмес, ошол булакты карап олтургандар.

– Макул, Атамбаев президент болгону менен жанындагыларга алданып калып, мындан эч кандай кабары болгон эмес дейли. Ошондо дагы Райым Матраимов өзү жалгыз ири схеманы башкара албаса керек?

– Башкара албайт. Ал өзү “Мени бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына Атамбаев өзү жана досум Икрамжан Илмиянов алып келди” деп айтып жатпайбы. Мындай чоң иштерди жасоо үчүн биринчинин жанында же биринчинин жакын адамы менен бирге болуш керек.

– 2017-жылга чейин Матраимов Атамбаевге абдан сонун кадр болуп берди. Бир тууган агасын өзүнүн партиясы менен парламентке депутат кылып алып келди, партиянын саясий кеңешине мүчө кылды. Атамбаев өзүнүн доору бүтөрү менен эле Матраимовду мокочо кылып өзүнөн түртө баштады. Сыры кайсыда?

– Мунун сыры баарыбызга белгилүү. Бажыдан биз айткан сумма ай сайын кирип турса, бир күнү эле “Бүттү, кожоюн алмашты” десе сөзсүз мокочо болуп көрүнөт да. Атамбаевдин планы боюнча Сооронбай Жээнбековду эч кандай финансылык булактарга, чечимдерге, финансылык кадрларга жолоткусу келген эмес. Жөн гана куурчак катары турат деп ойлогон. План ишке ашпай калды. Атамбаевдин Жээнбековду куурчак катары колдонуу планын биринчилерден болуп Матраимов бузду. Атамбаев өзүнүн алдында кызмат кылган адам башка тарапка өтүп кеткенине чыдабай, мени сатып кетти деп, болгон каарын ошол адамга төгүп, ал аркылуу Жээнбековду жаманатты кылганга өттү.

– “Азаттыкта” мурун иштеп кеткен аксакал журналист Нарын Айып “Иликтөө бир тараптуу болуп калды” деген көз карашын айтты. Сиздин оюңузча иликтөө баардык тарапты камтый алдыбы?

– Бул жердеги эң башкы жетишкендик көмүскө финансылык схемаларды жасап, ичинде жүргөн адам Айэркен Саймаити сүйлөп берип, ымандай сырын ачып таштоосу болду. Ал өмүрүнө коркунуч келгенден кийин акыркы сөздү айтып салды окшойт. Азыр көптөр “Кантип эле Саймаитинин сөзүнө ишенип калабыз?”-деп айтып жатпайбы. Ишенбөөгө арга жок. Анткени, ал ошол жердин оюнчусу. Бир жактуу деп айтканга деле болот. Себеби, Икрамжан Илмияновдун, Кубанычбек Кулматовдун, Алмазбек Атамбаевдин ролу кандай болгону айтылып, мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу маселеге айланышы керек эле.

– Атамбаев өз үйүндө ошол эле “Азаттыктын” журналистине Хабибула боюнча оюн айтып, журналисттин “Пархатиби?” деген тактоосуна, Абдукадырды Пархатинин шефи деп айтып берген. Пархати Атамбаевдин бизнес өнөктөшү катары “НПФ Форумду” сатып алган адам. Бул уйгур улутундагы жаш баланы мурунку президент акча адалдоого колдонгону ачыкка чыгып жатат. Жээнбеков Хабибула менен Атамбаевди 2017-жылы тааныштырса, Атамбаев Абдукадырдын Пархатинин шефи экенин кайдан билет? 2017-жылга чейин эле Атамбаев Абдукадыр менен иш кылган деп божомолдогонго болобу?

– 2017-жылга чейин иш кылышканы менен Икрам Илмиянов баштаган адамдардын айынан Хабибула Атамбаевге жолой албай жүрүшү да мүмкүн. Жекече таанышкан эмес болсо керек. Ушул логикага таянсак, Атамбаев Илмиянов аркылуу, Илмиянов Матраимов аркылуу, Матраимов Абдукадыр аркылуу схеманы иштеткен чыгаар. 2017-жылы расмий таанышкан болсо керек.

Маектешкен: Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *