Айдаркен сымап комбинатынын директору Толубай Салиевдин былгыган “былыктары”

Билсеңиздер, кезинде Баткендеги Айдаркен сымап комбинаты айына 50 тонна сымап өндүрүп, 12 миң адамды жумуш менен камсыз кылган, өлкө бюджетине ири төлөмдөрдү түшүрүп, Айдаркен шаарынын инфраструктурасын, экономикалык-социалдык абалын болуп көрбөгөндөй көтөргөн, атагы бүткүл Союзга таркаган ишкана эле. Союздан кийинки кыйынчылык бул ишкананы да айланып өткөн жок. 90-жылдардан тартып, ишкана эптеп-септеп, өп-чап абалда иштеп атып бүгүнкү күнгө келип жетти. Ал эми Айдаркен сымап комбинатынын учурдагы абалы кандай? Тилекке каршы, «кимди ким көрдү, быржыбайды там басты» деген 90-жылдардагы талап-тономой, уурдап-сатмай көрүнүшү бүгүн дал ушул Айдаркен сымап комбинатында орун алууда. Анын директору Толубай Салиев өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, эч кимди тоготпой ишкананын мүлкүнө, байлыгына он манжасын салып турган чагы. Анда Толубай Салиевдин былгыган «былыктары» тууралуу сөз ирээти менен болсун.

Комбинат Салиевдин “кормушкасына” айланганда…

Айдаркендеги сымап комбинаты мамлекеттик ишкана болгону менен директору Толубай Салиев азыркы күнү менчик өндүрүш объектисиндей эле пайдаланып, ири акчаларды жасап келет. Ал ага кантип жетишип олтурат? Көрсө, ал комбинатты талап-тоноону мындан 6 жыл  мурда эле баштаган тура. Айдаркендиктердин айтымында, ал 2009-жылы атайылап комбинаттын шахтасын суу алдында калтырып, аны менен өндүрүш көлөмүн азайтып, жумушчуларды кыскартып, аягында комбинатты иштебеген абалга кептелтет да жумушчуларды төлөнбөгөн эмгек өргүүсунө чыгарып, коомчулукка «Айдаркен комбинаты иштебей жатат» – деп билдире баштайт. Бирок, “иттин өлүгү” дал ушул жерде жатат. Дегенибиз, комбинат расмий түрдө иштебегени менен Толубай Салиевдин саналуу адамдары комбинатта жашыруун түрдө мыйзамсыз сымап өндүрүп, аны баласы экөөлөп өз каналдары аркылуу пулдап, ата-бала чоң акчага маарып жатышканын бүгүн Айдаркендин эли жакшы билет. Муну далилдегендей комбинаттын морлорунан маал маалы менен көк түтүндөр бүралып чыгып турат. Комбинат иштебесе, көк түтүндөр эмнеге чыгат эле? Айдаркендин эли булардын баарын көрүп, билип турушса да Салиевге карата эч кандай чара көралбай келишет. Анын себеби, Толубай Салиев мамлекеттик мүлктүн эсебинен мыйзамсыз жасап жаткан акчага жергиликтүү бийлик органдарын, активисттерди, ОБОНдорду, чоң муштум спортчуларды, укук коргоо органдарын сатып алган. Акчанын күчү  менен өзүн колдогондорго жагынып, каршы чыккандарды коркутуп, үркүткөндөн артка кайтпайт. Комбинатты болсо чычкан өткүстөй кылып кайтартууга алган, эч кимди киргизбейт, жолотпойт. Канча көлөмдө сымап өндүрүлүп жатканы боюнча эсеп да, каттоо да жок. Салык иретинде да мамбюджетке эч нерсе тушпөйт. Айтор, эл, мамлекет үчүн иштечү Айдаркен сымап комбинаты бүгүн Толубай Салиевдин жеке керт башы, капчыгы үчүн иштеп жатканы ачуу чындык.

Салиев комбинатты банкрот кылгысы келеби?

Айдаркендин эли Салиев бүгүнкүдөй аракеттери менен бир гана максатты, комбинатты банкрот кылууну гана көздөп жатканын белгилеп келишет. Анын да жөнү бар. Жогоруда айткандай, Толубай Салиевдин Айдаркен сымап комбинатын талап-тоноого байланышкан былыктары өтө эле көп, анын баарын гезит бетине батыруу мүмкүн эмес. «Ал ишкананы банкроттукка учуратуу менен артындагы былык, калбырларын бүт тазалап, суудан кургак чыгып кетүүнү гана ойлонууда» дешет жергиликтүү эл. Ишкана банкрот деп табылса, уурдалган, тонолгон, сатылгандардын баары банкрот деген макамдын арты менен эсептен чыгып, анын кылмыштык иш-аракеттеринин баары жабылып калганы жатпайбы. Бул бир жагынан болсо, экинчи жагынан ошол эле мезгилде ага комбинатты талап-тоноону улантууга башка мүмкүнчүлүк ачылат. Банкрот ишканага атайын администратор дайындалса, акча менен баарын колго алып, эбин таап көнгөн Салиев администратор менен да жең ичинен сүйлөшүп алып, талап-тоноочулук ишин уланта берери бышык. Бул куру айтылган сөз эмес. Муну Салиев тар чөйрөдө адашып айтып алганын ошол эле айдаркендиктер кеп кылып жүрүшөт. Ошондуктан комбинаттын банкрот деп табылуусу айдаркендиктердин маанайын чөктүрсө, Салиевдин көктөн издегенин жерден таптырып, чырагына май гана тамызат.

Мамлекеттик деңгээлдеги коррупция эмей эмне?

Айдаркендеги жергиликтүү элдин, чындык үчүн чыркыраган активисттердин белгилөөсүндө, Толубай Салиев комбинаттагы сатканга болчулардын баарын сатууда. Бул жагынан өзүм билемдиктин, ачкөздүктүн ашынган түрүн көрсөтүүдө дешет. Мисалы, комбинаттагы жылкылар кармачу жерди, май куюучу станцияны, мурдагы күнөскананын жерлерин ири суммага пулдаган болсо, комбинаттын миңдеген гектар аянттагы жерлерин четинен кертип акчага айландырууда. Комбинаттын бүгүнкүдөй абалы улана берчү болсо, Салиев дагы көптөгөн мүлк, жабдыктарды, гектарлаган жерлерди жең ичинен пулдай турганын бөркүбүздөй көрөлү.

Таң калыштуусу, мамлекеттин мүлкү таланып-тонолуп, коррупциялык көрүнүштөр көз көрүнөө болуп жатсада, тиешелүү текшерүүчү, көзөмөлдөөчү органдар, коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эмнеге лам деп ооз ачпайт? Эмнеге анын мамлекетке келтирген зыяндары аныкталбайт? Бул тиешелүү органдардын тиешелүү деңгээлде иштебей жатканынан кабар береби, же Салиев акчанын күчү менен булардын да оозун жаап келатабы? Эмне үчүн Өкмөт, Жогорку Кеңеш Салиевдин кылмыштуу аракеттери боюнча бир чечим кабыл албайт? Эмнеге Эсеп палатасы ишкананын финансылык, материалдык жагын текшерүүгө албайт? Же биздин органдар качан Салиев кыларын кылып, кыл жип менен бууп, куйругун түйө өлкөдөн качып кеткенде гана кыймылдашабы? Коррупция менен күрөшүп атабыз, жыргатып атабыз деген Антикоррупциялык кызмат Толубай Салиевдин ишмердигин текшерүүгө алса, анын мамлекетке миллиондогон долларларды зыян кылганын таап чыгышат эле…

Салиев элине чыккынчыбы?

Каарманыбыз эл алдында: «Комбинатка инвестор тартканы жатабыз, жумуш орундары болот» деп өзүн элдин камын жеген жетекчи катары көрсөткөнү менен, түпкүлүгүндө ал комбинатка инвестордун келишин дегеле каалабайт. Инвестор келди дегиче, комбинаттагы жашыруун мыйзамсыз иштер, талап-тоноочулуктар, былыктар ачыкка чыгып, анын ой, пландарынын баары ойрон болот. Ушул себептен ал БУУнун ЮНЕП программасынын алкагындагы долбоорго да каршылыгын көрсөтүп келатат. Ал долбоорго ылайык, комбинатка 10 млн. доллар инвестор тартылып, рекультивация, реабилитация, элдин ден соолугуна таасир этчү зыяндарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлмөк. Комбинаттагы өндүруш башка профилге алмаштырылмак. Бирок долбоордун талабына ылайык комбинаттын ишинде отчеттуулук болуп, эсеп-кысап жүргүзүлүп турушу керек экен. А отчет берип турса, анда Салиев өзүнүн кылмыштарын өзу ачыктагандай эле болуп калбайбы. Ошол үчүн аталган долбоорду келтирбөө үчүн Салиев карандай калпты бетке кармап, айгай салып, бет тырмаачылык кылып келатат. Долбоордун өкүлдөрү барса, «кокуй, булар комбинатты жапканы жатышат, анда силер жумушсуз каласыңар» деп кайдагыны айтып, элди керт башынын кызыкчылыгы үчүн курал катары пайдаланууда. Башкача айтканда, элдин кызыкчылыгына туура келген долбоорго каршы элди тукуруу менен өзүнүн кутум максаттарына жетишүүдө. Чындап келгенде, аны элдин да, комбинаттын да тагдыры, эртеңи кызыктырбайт. Ага комбинаттын банкрот болуусу, анын мүлктөрү, байлыктары гана керек! Болбосо, элди ойлогон адам өзү келип жаткан инвестицияны артка кайтарат беле? Өлкө жетекчилиги өндүрүштү жандантып, жумуш орундарын түзүүгө инвестор таба албай айласы кетип жаткан чакта Салиевдин бул кадамы биринчи кезекте Айдаркендин элине жасаган чыккынчылык эмей эмне?!

Памир Манас

Булак: «Мантыш»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *