Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиянын мүчөсү отурумга Райымбек Матраимовду, Алтынбек Сулаймановду жана Дүйшөн Төрөкуловду чакырууну сунуштады

Бүгүн, 31-январь күнү  Жогорку Кеӊеште Кытайдын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө боюнча түзүлгөн ЖКнын убактылуу депутаттык комиссиясынын отуруму өтүп жатат.

Комиссиянын мүчөсү депутат Мирлан Жээнчороев отурумга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жана бир нече депуттатрды чакырууну сунуштады.

“Депутаттык комиссиянын отурумуна Райымбек Матраимовду, Алтынбек Сулаймановду, Дүйшөн Төрөкуловду чакырышыбыз керек. Алардын маалыматын угуш үчүн мүмкүнчүлүк түзүш керек. Муну менен биз жетиштүү маалымат ала алабыз” – деп билдирди Мирлан Жээнчороев.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Талант Мамытов зарыл болсо чакырыларын айтып өттү.

Белгилей кесек, бүгүнкү отурумга тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү жана “Азаттык” үналгысынын жетекчилери чакырылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, эл аралык издөөдө жүргөн жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багында отурган жеринен атып кетишкен.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *