“Айкөл – Ала-Тоо” уюму: “Атамбаев карапайым элдин башын айлантканды токтот, бизге тынчтык керек!”

Өткөн жумада, тагыраагы, 26-июнда “Апрель” телеканалы камакта жаткан Албек Ибраимов, Сапар Исаковдорду колдоо максатында телемарафон, түз эфирде эркин микрофон уюштурган. Аны уккан активисттер, Атамбаевдин убагында саясий куугунтук жегендер келип микрофонду ээлеп алышты.

2010-жылдын 7-апрелинде жаракат алгандардан түзүлгөн “Айкөл – Ала-Тоо” коому жана анын төрагасы Исаков дагы келип сөз алып сүйлөштү: “Урматтуу журналисттер, мына биз “Айкөл – Ала-Тоо” коомунун жигиттерибиз. 7-апрелде Ала-Тоо аянтында жаракат алып, азыр майып болуп жүрөбүз. Арабызда ушундай майып болуп тирүү калгандан көрө, өлүп калсак болмок деп өкүнгөндөр бар. Биз жакшы ишеним менен революция кылдык, бирок максатыбызга жеткен жокпуз. Шылуундар пайдасын көрүп, карапайым эл курал гана болуп бердик. Эми дагы экс-президент тынчыбай, улам таарынычын айтып, куралым бар, согушам деп жатат. Бизге тынчтык керек, азыр ЬІсык-Көлдүн сезону башталып жатат. Туристтер тынчтык болгон мамлекетке барат. Бизде кандай, Атамбаев Кой-Ташта отуруп алып согушам деп элдин тынчын алып жатат. Анын мындай чагымчыл сөзүн угуп туристтер дагы келбей коюшу мүмкүн,”- дейт коомдун мүчөлөрү.

Булак: «13-квартал»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *