Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу кызматкерлери мамлекетке 7 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери Кыргызстандын бюджетине 7 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, мамлекеттик агенттикти текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

2018-жылдан 2020-жылга чейин бөлүмдүн жооптуу кызматкерлери айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу менен  дары чөптөрдү чогултууга уруксат берүүдө мыйзамдарда белгиленген жыйымдардын өлчөмү толук алынбай калган. Ведомствонун кызматкерлери мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 7 290 366 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *