Айнаш Козубаева Москвада мигранттардын театрын түптөп, өзүнүн “Мекенге кат” деген ыр китебинин бет ачаарын өткөрдү

Мекендешибиз Айнаш Козубаева үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашайт. Ал Россиянын борборундагы дүкөндөрүнүн биринде кассир болуп эмгектенүү менен бирге чыгармачылыгын таштабай келет.

Өткөн жумада анын «Мекенге кат» деген биринчи ыр жыйнагынын бет ачары болду. Айнаш Козубаеванын китебинин басымдуу бөлүгү ата-журтка болгон кусалыктан жаралган ырлардан турат.

Айнаш Козубаева жалаң эле поэзия менен эле алп урушпай, Москвада «Аян» театралдык тобун негиздеп жаткан кези. Улутту акча эмес маданият сактап каларын түшүнгөн эжебиз, төө көтөргүс жүктү тайманбай тартууга белсенди.

Булак: «13-квартал»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *