Видео – Айнура Акматова: “Ооруканага жаткырылган 6 адамдын абалы оор”

Учурда стационардык дарылоодон өтүп жаткан 122 жарандын абалы канаттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта өкмөттүн брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымы боюнча, 10 бейтаптын абалы орточо оор, 6 адамдын абалы оор. Бул бейтаптардын бардыгы жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Бүгүн, 26-мартка карата 34 адам канаттандырарлык абал менен ооруканадан чыгарылган.

Айнура Акматова жарандарга обочолонууга (самоизоляция) барыш керектигин айтты.

“Обочолонуу – социалдык аралыкты сактоо. Бул таажывирус жайылып кетишинин болтурбоо жана оорунун алдын алуу боюнча натыйжалуу чаралардын бири болуп саналат. Бул чараларды Кыргызстандын жарандары гана эмес, дүйнө жүзү боюнча колдонушат” – деп кошумчалады Айнура Акматова.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *