Айнура Тургунбаева, куудул: Эл катары эле маршруткада тыгылып жүрөм

—Айнура айым, жакында эле 50 жашыңызды белгилединиз. Өзүңүз ойлогондой эле болдубу?

—Кудайдын кулагы сүйүнсүн, абдан жакшы өттү. Өзүм катташып жүргөн дос, бир туугандардын курчоосунда белгилеп алдым. Белектерди алдым, алардын ичинде көбүнчө акчалай беришти, азыр заман ошондой болуп калбадыбы. Берилген акчаларга чогултуп жакшы нерсе сатып алдым, бул жакшы болду. Ойлоп көрсөм 50 жашымдын көбүн кино менен театрда өткөрүпмүн. Артисттер бир жерди байырлап иштебейт да. Гастролдоп жүрүп, дөңгөлөктүн үстүндө өмүрүбүз өтүп келе жатат. Мен ага эч качан өкүнбөйм. Ушул амандыгыма шүгүр кылам.

—Көп ролдорду жараттыңыз, аткара албай калган ролуңуз барбы?

—Ата-энебиз эч бирөөбүздү бөлбөй баарыбызды алтын көрөт эмеспи. Ошондуктан менин ролдорум да балдарымдай. Эч качан кичинекей роль жок. Чоң кичине дебей, ийине жеткире аткарганга бүт күчүмдү жумшайм. Ролдорумдун баары өзүмө жагат.

—Кайгылуу роль жаратууда сизге оор болсо керек?

—Драмалык артист болгондон кийин кайгылуубу, күлкүлүүбү тандабайбыз.Мени эл куудул катары кабыл алышкан да. Кайгылуу роль ойноп баштасам башында кулүп жиберишет. Кечээ жакында эле «Күрткү» деген спектаклде төрөт кабыл алган аялдын образын ойнодум. Башында күлүп жиберишти, бирок кийин кайгылуу жагын ачып бердим окшойт, кабыл алышты. Кандай гана роль болбосун сүңгүп кириш керек.

—Эң көп гонорарыңыз канча сом болгон?

—Кыргызстанда көңүлүнө толоорлук гонорар алган актёр, актрисалар жок болсо керек. Азыр биздин мамлекет бир аз аксап турбайбы. Менин жашоомдо 100 000 сом гонорар алган убактарым болгон. Андан аркы сумманы төлөп бере алышпайт. Россиядан келгендер тасма тартып калса да биздин артисттерди арзан көрүшөт. Анча-мынча шылуундар болсо мен силерге артист таап берем деп эки жакка эки сумманы айтып пайдаланып да кетишет. Ушул жагынан аксайбыз.

—Биздин таланттуу артисттердин көбү чет өлкөгө чыгып кетишкен. Сизге да сунуштар түшсө керек?

—Жок, сунуштар болгон эмес. Бирок гастролдоп барып келип жүрөбүз. Россия, Кытай, Түркияга барып талантыбызды тартуулаганбыз.

—Театрга эмне үчүн эл келбей калды?

—Спектаклге чын эле эл келбейт. Көр оокаттын айынан түйшөлүп жүрүшөт да. Театрдын өздөрүнун администраторлору бар. Алар мектептерге, фирмаларга, студенттерге барып, билет сатып кассаны жабышат.

—Бопуш экөөңүздөрдү дагы деле жубайлар деп эсептегендер барбы?

—Мурункуга караганда азыр бир аз азайып калышты. Анткени кайда барсак дагы сөзсүз «Бопуш менин досум, кесиптешим, өнөктөшүм»  деп айтам. Үй-бүлөлүк катташыбыз бар, келинчеги баарына түшүнгөн жакшы адам. Азыр түшүнбөсө оокат болбойт да.

—Бир эле киного тартылып эртеси күнү «тарыхый роль жараткым келет» дей беришет. Тарыхый инсандардын ролун аткаргыңыз келеби?

—Ой менен ааламды аңтара берсе жарашат. Ал өзүнөн жана режиссёрдон дагы болот. Режиссёр өзү эле актёрдун дарамети канчалык экенин байкап турат. Азыр 50 жашка чыгып калдым. Жаш кезимде кыялымда Ромео менен Жульеттада роль жаратсам дегем. Мунун баары кыял бойдон жүрөгүмдө калды. Адам өзүн күзгүдөн карабай эле ойлорунда өзүн ак куу эсептей берет экенбиз.

—Маданият чөйрөсүндө жүрүп материалдык байлык топтой алдыңызбы?

—Күнүмдүк баскан турганга, жашаганга жетет. Мамлекет байып кетип эле үй сала турган гонорар берип калышпаса. Машина алып эки жолу авария болгондон кийин айдагыс болгом. Эл менен маршруткада эле тыгылып-сыгылып тушүп жумушка келип, кайра кетем. Кээде таанып калып орун бошотуп калышат, рахмат деп олтуруп алам.

Артисттердин бир көргөнүн көрбөйт деген сөз жөн калбагандыр…

—Быйыл туптуура 31 жыл, башкача айтканда 1985-жылдан бери ушул чөйрөдө жүрөм. Ошол убакта эмнелерди гана көргөн жокпуз. Театр менен илгери Кыргызстандын эл барбаган жерлерине чейин барып, муздак клубдарга спектакль койчубуз. Автобусубузду талкалап, өзүбүздү сабап койгон күндөр да башыбыздан өткөн. Көлдө чыгармачылык сапардан келе жатсак чоң кар бизди басып калып чыга албайбыз. Азыркыдай же телефон жок, ал айылдан машина да көп өтпөйт экен. Автобустун ичиндеги төшөнчүлөрдү жамынып араң калганбыз. Эртеси келип сүйрөтүп кетишкен. Кээде ушунчалык барктуу болуп, бир күндө 3-4 жолу кой союп сыйлап калышат. Андайда бүт азапты унутуп калабыз.

—Артисттер гүл алган менен кол чапкандан эле рахат алат да туурабы?

—Ролду чыгара албай кандай гана тозоктон өтөбүз. А спектакль күнү эл кол чаап, гүл берип койсо абдан сүйүнөбүз.

—Кээ бир артисттер тасма талаасынан режиссёрлор менен келишпей калса баарын таштап кетип калышат экен, сизде да болгонбу?

—Режиссёр менен талаш-тартыш сөзсүз болот. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп келебиз. Себеби бир сенин айыңдан иштин баары токтоп, ордуңа башка киши келгенче чогуу иштеп жаткан артисттер жабыр тартпашы зарыл. Аларда эмне күнөө? Балким каталык өзүмдөн да кеткендир деп оңдонуп калмайым бар. Нанымды ошол тасма талаасынан таап атсам анан таштап кетсем кесирлик болоор.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *