Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Айнуру Алтыбаева: «Урматтуу Садыр Нургожоевич тарапташтарыңызга чыгып, аларды үйүнө жөнөтүңүз»
Саясат

Айнуру Алтыбаева: “Урматтуу Садыр Нургожоевич тарапташтарыңызга чыгып, аларды үйүнө жөнөтүңүз”

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өз тарапташтарын үйүнө жөнөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Ал Садыр Жапаровдон шаардагы коомдук тартипти камсыздоону талап кылды.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич тарапташтарыңызга чыгып, аларды үйүнө жөнөтүңүз”, – деди Алтыбаева.

Айнуру Алтыбаева сөз сүйлөп жатып, отставкага кеткен президент Сооронбай Жээнбековдун эмгегин белгилеп, өлкө аялдарынын атынан ыраазычылык билдирди.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт