Айнуру Алтыбаева, ЖК депутаты: “Парламент күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот”

Активдүү депутат айымдарыбыздын бири Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңештин V-VI чакырылышынын депутаты болуп бир топ мыйзам долбоорлорун ишке ашырып келет. Айрыкча аялзатына тиешелүү көйгөйлөрдү көп көтөрүп, алардын жүгүн жеңилдетүүчү мыйзамдарды жазып, аларды ишке ашырууну көздөп жүрөт. Маекте дагы дал ушул кыргыз аялдарынын саясаттагы орду, ишкерликтеги оош-кыйыштары тууралуу баарлаштык.

—Айнуру Тойчиевна, эс алуудан келип жаңыдан ишке кириштиниздер, жайында эс алуу менен бирге кайсы маселелер боюнча көбүрөөк иштедиңиз?

—Өткөн сессиянын акыркы отурумдарында мен үчүн абдан маанилүү шайлоо боюнча мыйзамы добуш берүүдөн өттү. Аймактардагы шайлоодо милдеттүү түрдө аялдардын 30% квотасы кирди. Бир эле мыйзамды жазып коюп, анан болду деп коюудан алыс болушубуз керек. Шайлоочулар менен жолуккан жерде бул жөнүндө көп маалымат бердим. Анын алкагында Москва шаарына бардым. Ал жерде көп тармакта иштеген айымдар менен жолукканда социалдык багыт, экономика боюнча суроолор келди. Мындан сырткары ишкер айымдар уюштурган тегерек стол, конференцияларга катышып жаттым. Биздин конференцияга өкмөт башчы өзү келди. Көп маселелерди талкуулап чечип алганга мүмкүнчүлүк берди. Учурда кол өнөрчүлүк боюнча мыйзамдын үстүндө иштеп жатам. Бул тармакта көбүнчө аялдар иштегендиктен кубантаарлык эле көрүнүш болот. Аймактарды кыдырып, кол өнөрчүлүк кылган айымдар менен жолугуп, пикирлерин уктум. Аз күндө Кудай буюрса, Жогорку Кеңештин кароосуна сунуштайм. Ар бир депутат шайлоочулар менен иштеп жатканда элибиздин көйгөйүн угуп, алардын маселесин чечкенге аракет кылабыз.

—Бүгүнкү күндө ишкер айымдарга өкмөт кандай жардам көрсөтөт?

—Биз V чакырылышта ишкер айымдар үчүн окутуулар керектигин сезип атайын мыйзам кабыл алууну туура көргөнбүз.

Ош областынын Араван районунда күнөсканаларды аялдар иштетет экен. Биз кабар алганы барсак, өз-өзүнчө сорттогу помидор, бадыраңды өстүрүшкөнүн көрдүк. Бул туура эмес, дүңүнөн сатып алгандар бир гана сортту алышат. Өндүрүлгөн жер-жемиштерди сата билүү зарыл. Бул маселени жоюуга киришип, маркетинг, менеджмент багытында ишкер айымдарды окутуу мыйзамы ишке ашкан соц жакшы натыйжасын берген. Өкмөт тарабынан дагы жакшы жеңилдиктер, ссудалар берилет.

—Айылдык кеңеште депутат айымдардын саны 30% болсун деген мыйзам ишке кирди, эми иштейби?

—Мисалы парламентке партиялык система менен келебиз. Айылдык кеңеште таптакыр башка система. Бул система – мажеритардык система, бир кезде Жогорку Кеңеште да иштеген. Ал жерде көбүрөөк капчыктуу жигиттерге мүмкүнчүлүктөр берет. Мажеритардык система менен жаштарга, айымдарга шайланып келүүгө мүмкүнчүлүк аз болмок. Азыр канча мандаттуу кеңеш болсо да 30%ы айымдар болот. Жогоруда айтып кеткендей мыйзам өттү деп эле унчукпай калбай, шайлоодо билимдүүлөр, татыктуулар келсе дейбиз. Жогорку Кеңешке, жергиликтүү кеңештерге тажрыйбалуу айымдарды даярдоонун үстүндө иштейбиз.

—«Бешинчи чакырылышта айымдардын интригасы лидер мырзаларды тажатып бүткөн. Ошондуктан алтынчы чакырылышта айымдардын саны аз болду» деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

—Жок андай эмес. Жогорку Кеңешке айымдардын келишине атайын мыйзам бар. Мыйзамдарда партиялык тизмеде ар бир төртүнчү талапкер аялдар болсун деген талап иштейт. Азыр айрым партиялардагы айым депутаттар өкмөткө кетсе же мандатын тапшырса, артынан сөзсүз мырза депутат болуп келет. 2020-жылдан баштап иштей турган мыйзам жакында эле кабыл алынды. Аял киши өкмөткө иштеп кетсе, ордуна аял киши келсин деген мыйзамга президент кол койду. Бул шаардык кеңешке дагы тиешелүү ченем. Буюрса иштейт деп ишенем.

—Кыргыз саясатында аялдардын ордун канчалык денгээлде бийик?

—Башка коңшулаш өлкөлергө салыштырмалуу кыргыз саясатында орду бар. Анткени чындыгында биздин тарыхыбызда Курманжан датка апаларыбыз саясатта чечүүчү ролдо ойноп келгени алтын тамгалар менен жазылып турат. Азыркы алтынчы чакырылышта бир вице-спикер депутат айымга берилет. Жогорку Кеңештеги эки чон комитетти айымдар башкарат. Бийликтин жоопкерчиликтүү үч бутагынын бири Жогору соттун төрайымы аял киши экени маалым. Министрликтерде да айымдар жок эмес.

—Биздин мырза депутаттар айымдардын мыйзамдарын көп кыйнабай эле колдоп беришеби?

—Саясаттагы адам жынысына карап бөлүнбөйт. Жоопкерчилик да бирдей. Аялсың деп жеңилдик берилбейт. Бийликте турган айымдарга коомчулук, ошол эле кесиптештер лупа менен карап талапты катуу коюшат. Азыркы чакырылыштагы мырзалар бир топ мыйзамдарды кыйнабай, чоң талкууга албай, колдоп беришти.

—Социалдык маселелери көбүнчө аял эл өкүлдөрү көтөрөт. Бул көйгөйлөрдү чечүүчү мыйзам добуш берүүгө коюлганда мырзалардын каршылык көрсөтүп койгонун байкап эле жүрөбүз…

—Туура, тилекке каршы кээде болуп турат. Жашы жете элек кыздардын никеге туруусуна, ала качууга бөгөт коюуучу мыйзамдарды кабыл алууда кайра-кайра добушка коюп, кыйналып өткөргөнбүз. Учурда Жогорку Кенеште 19% айымдар бар.

Жакында эле «Кыргызстан» фракциясына Айнура Аскарова келди. Ошондуктан социалдык көйгөйлөрдү ишке ашырууда депутат мырзалар менен сүйлөшүп, түшүндүрүп колдоо көрсөтүүсүн өтүнөбүз. Кээ бир фракцияларда таптакыр айымдар жок экенин билесиздер да.

—Дагы кандай мыйзамдардын үстүндө иштеп жатасыз?

—Бешинчи чакырылышта кеп балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү мыйзамын иштеп баштагам. Бирок бул мыйзамды аткарууда республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылгандыктан өкмөттүн колдоосу керек болот. Быйыл буюрса аягына чыгарам. Саясый партиялар жөнүндө мыйзамда жазып профилдик комитетке жибердим. Саясый эксперттердин кароосунда турат. Азыркы саясый партияларга арналган мыйзам 1994-жылкы болуп эсептелинет. Ал убакта партиялардын кандайдыр бир ролу жок болчу. Азыр өзгөчө болуп калды. 2010-жылдагы мамлекет жаңы башкаруу системасына өткөндүктөн партиялардын сапаты, мүчөлөрүнүн билимдеринин жогорусу бизге аябай эле маанилүү болуп эсептелинет. Партияларга жүктөлгөн милдеттердин жаңы редакциясын түзүп чыктык. Ал жерде партиялардын каржылоо маселеси көп жазылган. Каржылоо кайдан келгени ачык айкын болушу керек. Кыскасы жаңы мыйзамда партиялардын каржылык маселесине көбүрөөк көңүл бурулган жана партиялык системанын өнүгүшүнө багытталган мыйзам долбоору. Жогорку Кеңешке күчтүү партиялар келсе, парламент күчтүү болсо, мамлекет күчтүү болот.

—Кечээ жакында сиздин партиялашыңыз Дастан Бекешов бир мандат бир миллион доллар турат деп жергиликтүү ММКларга маек берди. Бул сөздүн чындыгы барбы?

—Эки чакырылыштын депутаты болу иштеп келе жатам. Эсептеп көрсөңүз бир миллион доллар деген абдан чоң акча да. Менде мындай маалымат жок. Жетиштүү далил болбогондон кийин шантаж кылып, мындай сөздү айтуунун кандай кажети бар эле?

—Жашылдандыруу боюнча өкмөттүн токтомунун үстүнөн иштеп жатыптырсыз. Себеп?

—Депутаттар дайыма ишембиликке чыгып, дарактарды отургузуп чыгабыз. Кийин каралбай, суу куюлбай соолуп калууда. Акыркы үч жылдан бери бала-бакчаларда, ооруканаларда, мектептерде жашылдандыруу долбоорубузду иштеп келебиз. Балдар менен бак олтургузсаң ырахат аласың. Окуучулар өздөрү олтургузган дарактарын карап тургандыктан көктөп кетээрин уктук. Жалпы Кыргызстан үчүн бак тигүү күнү болсо деп ойлойм. Бул жаңылык эмес. Мындай нерсе коңшу мамлекеттерде, жалпы дүйнөдө кабыл алынып иштеп жаткан саамалык. Президенттен баштап жөнөкөй жарандар көчөгө чыгып дарак олтургузушат экен. Мисалы Эфиопия мамлекетинде 100 миллиондон ашык эли бар. Алар бир күндүн жашылдандыруу деп атап 12 саатта 353 миллион дарак олтургузушуптур. Кыргызстанда деле ушул саамалык болсун деп азыр долбоор даярдап жатабыз. Өкмөт бул мыйзамды колдоп, көчөттөрдү даярдаса, сугарган системаларын түзүп чыкса бул долбоордон жакшы натыйжа чыкмак.

—Билим берүү тармагы боюнча окуу китептеринен чыккан одоно каталарга депутаттар көп реакция бербей жаткандай таасир калтырууда. Сиздер айтып-деп койгон менен министрлик ката кетирүүнүн эле үстүндө болуп жатпайбы…

-Жакында социалдык тармактан окуп калдым, дагы каталары көп китептер келиптир. Жылына бюджеттен 500 миллион сомго чейин акча бөлүнөт. Бир ката кетирген соң кайсыл тармак болбосун намыстанса болмок. Ката кетирүүнүн ордуна билим берүү тармагы биринчи ирээт мындай маселеде күрөшүү зарыл эле. Кыскасы жиниң келгенинен айтаарга сөз таппайсың.

—Жетинчи чакырылышта сизди көрө алабызбы? ^ 

—Шайлоого чейин да бир жыл бар. Элдин арасында “чыныгы саясатчы кийинки шайлоого шайланып келген күндүн эртеси эле даярданып баштайт” деген сөз бар. Демек кийинки шайлоого даярданып баштаганбыз. Биздин күнүмдүк ишибиз жетинчи чакырылышка даярдык болуп эсептелинет. Калганын эл чечет.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *