“Айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулган” заман

Бизде «айран ичкен кутулуп, аяк жалаган тутулган» көрүнүш кадам сайын кездешет. Мына буга дейре “Альфа-Телекомдогу” коррупциялык схема боюнча мамлекетке 142 миллион сом зыян келтирилип, андан кийин да компаниядан оффшордук зонага 6 миллион доллар которулуп кеткен кылмыш иши коомдо чоң чуу жараткан эле. Бул кылмыш ишине айыпталып, ошол учурдагы «Альфа Телекомдун» жетекчилери Азамат Мурзалиев 12 жылга, кеңешчиси Алмаз Абеков 14 жылга, «Новострой Сервис» компаниясынын жетекчиси Аман уулу Кенжебек 8 жылга кесилген. Бирок Мурзалиев 1 жыл 4 айдан кийин, Аман уулу Кенжебек 1 жыл 7 айдан кийин мөөнөтүнөн мурда үй камагына чыгарылган, түрмөдө Абеков гана олтурат. Ушундан улам эл арасында миллиондорду жеп коюп, анан түрмөгө отурумуш болуп бошонуп кетсе болот тура деген сындар айтылып жатат. Тилекке каршы, тиешелүү органдар, соттор башым деп коюшкан жок. Анан кантип өнүгүп-өсөбүз? Сазга баткандын ичинде болобуз да… Коомчулуктун Аман уулу Кенжебек кандай себептер менен бошоп кетти дегенге жооп таба алышпай баштары катууда.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *