Айсулуу апасына чалып, аябай ыйлап, элинен кечирим сураптыр – Сыймык Бейшекеев

Айсулуу апасына чалыптыр, алтын кыз аябай ыйлап элинен кечирим сураптыр, болгон аракетимди кылдым, болбой калды, кечирип койгула дептир… Жүрөгүм сыйрылды, кечээги мелдештен өз карындашымдай жан тартып жакшы көрүп, жан дүйнөм бошоп толгонсом, бүгүн бул посту окуп, өз кызымдай ого бетер элжиредим. Айланайын Алтын кыз, сен бизден кечирим сураба, тескерисинче сен бизди кечирип кой, маарага келгениңде эле манаңдап кыйкырык сүрөөнгө албай, жок дегенде бир жыл мурун жолугуп, ийгилик каалап, сага дем берип коё албаганыбызга… Сен чыныгы намыстын ишин жасадың, сен элиңе мелдештин эртеси күнү дагы керек алтын кызсың. Сен бизди кечирип кой алтын кыз, буйруса бийик жеңиштер алдыда, буйруса элиңди көп кубантасың, ананайын алтын кыз… Баса алтын кыз үчүн жазылчу ырымды баштадым, буйруса 9-сентябрь туулган күнүмдө филармонияда болчу концертимде бет ачаарын кылам. Ал күнү концерттин ардактуу коногу болуп алтын кыз АПАСЫ менен, менин кымбат АПАКЕМДИН жанында отурат. Ошол күнү клиптин алгачкы кадрын тартабыз, (албетте эгер алтын кыз макулдук берсе). Баардык Риого барып намыс талашкан азаматтарыбызга, ак куудай сулуу кыздарыбызга баш ийип таазим кылам, бизди кечирип койгула!!!

Сыймык Бейшекеев, обончу, ырчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *