Айыл-чарбаны тескеген Эркинбек Чодуевдин “чудолору” чубалууда, буга чара көрүлөбү?

“Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген өлөрман саясатты карманган бүгүнкү өкмөт кадр саясатынан аябагандай аксап жатканын көрүүдөбүз. Айга-күнгө теңеп жатып жетекчи кызматтарга кондурган адамдары эки күн иштей электе ишпалдасы чыгып, башкарган тармагын сазга батырууда. Алыс барбай, эки ай мурун Айыл чарба министрлигине дайындалган Чодуевге үңүлсөк, элдин итиркейин келтирген жагдайга кептелди.

Жогорку Кеңештин төрүнде Өкмөт башчысы жерге-сууга тийгизбей байдын кызындай шалпактатып мактап жатып Айыл-чарба министрлигине алып келген Эркинбек Чодуев жергиликтүү дыйкандар өндүргөн жашыдча-жемиштер менен фермерлер өндүргөн эт жана сүт азыктарын кантип экспорттоо керектигине баш катырбастан, кунары кетип калса дагы канча жылдан бери бир төшөктун ичинде коюн-колтук алышып, буркураган жыттары сиңишип калган «көңүлдөшүн» чет өлкөгө тайраңдатканы жатканы ачыкка чыгып кетти. Болгондо дагы мамлекеттин эсебинен чыгарганы турганда билинди. Чодуевди жакындан билгендер социалдык желеде пикирин чыгарып, Чодуев кылыгы күчтүү «көңүлдөшүнүн» куштай назик көңүлүн көтөрүү үчүн бир жыл ичинде 8 ирет чет өлкөдө эс алдырып, Россия, Япония, Казакстан, Кытай, Швеция ж.б. шапар тептирип келген, аны текшерсе чыгат дешүүдө. Айтор, көзү үлүрөйгөн Чодуев деген чунак кишинин өнөрү күч экен, Айыл-чарба министринин экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева менен «ысык» мамиледе экени бүткүл элге даңазаланды.

Аталган ишти атайын түзүлгөн комиссия иликтемиш этип, күнөөнү кадр секторуна төңкөргөнгө аракеттеништи. Бирок, кандай болгон күндө дагы министрдин орун басары А.Исаев Кытайга бара турган киши Анаркүл Беккулиева экенин тастыктаган маалым катты кадр секторуна жибергени аныкталды. Алар фирмалык бланк менен жарманкенин уюштуруу комитетине жөнөткөнү билинди. Муну Башкы прокуратура дагы тастыктап, Кытайга жөтөмөкчү болгон бөлүм башчы Анаркүл Беккулиеванын ишинде эки мыйзам бузууну чукуп чыкты. Ага ылайык, Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басарынын деңгээлинде эместиги жана Кыргызстандын «Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагындагы өз ара байланышы жөнүндөгү» мыйзамдын талаптары бузулганы аныкталган. Тагыраагы, сүйлөшүү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аркылуу эмес, иш-чара өткөрө турчу жак менен түзмө-түз жүргүзүлгөн. Мындан улам Башкы прокуратура премьер-министрдин атына мыйзам бузууларды оңдоо жана күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартуу керектиги боюнча кат женөткөн.

Тилекке каршы, прокуратуранын каты жада калса ачылбаган бойдон чаң баскан архивге кетти. «Көңүлдөшүн» Кытайда шапар тептирүүгө аракеттенген Чодуевге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара көрүлген жок. Чырлуу ишти бүт ресурсту колдонуу менен жең ичинен бүтүрүп, кызматтык иште жаралган «сүйүү» романын былк эттирбей басканга жетишти. Бетине көө жапкан бул осол иште орун басары А.Исаевдин өзгөчө пайдасы тийип, жан коруш болгону айтылат. Көрсө, өкмөт жетекчиси М.Абылгазиев чунаңдаган Чодуевдин орун басары Исаевдин карачечекей досу, жакын группалашы экен. «Ойнош деген оттон ысык, бирок боктон сасык» деген иште бул достукту Эркинбек мырза «жүда-а» жакшы пайдаланыптыр. Албетте, ар кандай амал-айла менен кутулуп кеткен күндө дагы бул өмүр бою айтылып кала бере турган шермендечилик экенин эсине түйүп койгубуз келет. Өкмөт башчысы белден өйдө ойлоно албаган итпейил адамдарды талтаңдатканды токтотуп, прокуратуранын катына тыянак чыгарып, тез арада чара көрүшү керек.

Баса, «көңүлдөшүн» чет өлкөлөрдө сайрандатып жүргөн Чодуевдин буга чейин басып өткөн жолу да жалаң «кирге» толуп калыптыр. Мунун баарын текшербей туруп өкмөт башчысы ЖоКенин төрүнде кайсы бети менен мактаганына түшүнбөй турабыз. Же бул кызталак премьер-министрди бал тили менен азгырып, «алакан» ушаламай оюну менен көз жазгырганбы? Дегенибиз, Чодуев министрликтин босогосун аттанганга чейин эле алдамчылык менен миллиондорду «сугунуп», артынан кылмыш иштери козголгон экен. Маселен, Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларын Эркинбек Чодуев менен А.Салахуддинов жеп кеткени аныкталып, 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан иш козголгон. Ал №95-11-514 менен катталган. 2015-жылы 30-июлда милициянын подполковниги А. Асылбеков иш тергелип жатканы айтып, 1500 тонна пахта берүүнү убадалап ири суммадагы акча кымыргандарга жакынкы аралыкта укуктук баа берилери белгиленген.

Ошого катар 2017-жылдын 13-майында Жалал-Абад областындагы райондор аралык сотунун чечими чыгып, «Коттон Оушен» фирмасы ири суммадагы чыгаша тартканы судья Б.О.Мажитов тарабынан белгиленген. Ал чечимме көрсөтүлгөн каражаттар, 24 723 013 сом, 15 000 000 сом, 2 750 406 сом деп жазылып, Чодуев жетектеген «Лиматекс» пахта корпорациясынын банктагы эсептери тоңдурулган. Кошумчалай кетсек, соттук чечимде аудитордук текшерүү дагы алдамчылыкты аныктаганын белгилеген. Кыскасы, Чодуев «Коттон Оушен» компаниясын сызга отургузуп кеткени сот тарабынан да аныкталган. Бирок, адаттагыдай бийлик башындагылар көрмөксөнгө салып, тепкичтен тепкичке көтөрүп жүрүп отуруп, министрликке жеткирген. Соттук иштер аткарылбай, кылмыш иштери кыскартылып кайра жандандырылып, оюнчукка айланган.

Бүгүнкү күнгө чейин кулминациялык чекитине жетпей, талаш-тартыштын айланасында келүүдө. Буга ким күнөөлүү? Ачыкка чыккандан кийин чара көрүлөбү же баягыдай карга карганын көзүн чукубайт болуп кала береби?

Эске сала кетчү жагдай, «Коттон Оушендин» 1 миллион долларын кымырып кеткен «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Бакиевдин маалында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон Жалолиддин Салоддинов деген сепаратист тарабынан негизделген. Ал нойон 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов менен бирге өлкөдөн качып чыгып кеткен. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» жана «Жикчилдик» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон эле. Ал качкандан кийин «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аталышы «Актекс» болуп өзгөрүп, жетекчилери алмашкан. Кызыгы, Жалолиддин Салохиддиновго караштуу деп айтылып келген «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Кадыржан Батыров менен Иномжан Абдирасуловдун мүлкү сыяктуу соттун чечими менен мамлекеттештирилген объектилердин тизмесине киргизилген эмес. Бул жерде дагы чоң былык жатат.

«Коттон Оушен» фирмасынын директору Замира Ибрагимова ММК булактарынан: «Бул киши ошол кезде компаниянын директору болуп турганда акчаны алып, өз колу менен квитанция жазып берген. Биз бул акчаны пахтаны даярдап берүү боюнча келишимдин негизинде бергенбиз. Анда бул киши «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясынын аткаруучу директору болуп турган. Биз пахтаны тазалап берүү жана пахта даярдоо боюнча келишимге келип, акчаны эсепкана аркылуу өткөрүп бергенбиз. Бирок бул киши сезон бүткөндөн кийин пахта даярдап берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмени аткарбай койгон. Ошентип акча бул кишиде калып кетти. Бизде муну тастыктай турган банк көчүрмөлөрү, акча алынганы тууралуу квитанциялар жана эки тараптуу кол коюлган келишим сыяктуу бардык документтер бар. Бул адам кийинки сезондо пахта даярдап берүүгө убада берип, бирок ошондон кийин да акчаны төлөгүсү келбей, андан ары бизден качып, эч эле көрүнбөй койду. 2010-жылы кандуу окуя болуп кетти. Акча ошол бойдон берилбей калды. Биз 2011-жылы арыз жазып, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон» деди.

Бүгүн бүт документтерди, квитанцияларды так далил менен көрсөткөн «Коттон Оушен» фирмасынын директору Замира Ибрагимова бекем көшөрүп, Чодуев жеп кеткен миллион долларды текшерүүнү бийликтен өтүнүүдө. Окуянын чоо-жайына токтоло кетсек, Эркинбек Чодуев «Хлопковая корпорация Лиматекс» ЖЧКсын башкарып турган маалда «Коттон Оушен» фирмасына пахта даярдап берем деп 1 миллион 500 000 доллар алган экен, Чодуев бардык талаптарды аткарууга ант ичип, тилекке каршы аягында 1 миллион долларлык пахтаны кайтарбай куйругун түйүп качып кеткен. «Коттон Оушен» укук коргоо органдарына кайрылып, кылмыш ишти козготкон, алар улам кыскартылып аягына чыккан эмес. Министрдин орун басары болуп турганда дагы козголуп, бирок «бармак басты, көз кысты» менен бүтүп кеткени айтылат. Айтор, «аферисттик» жол менен байыган эргул акчанын күчү менен министрликти баса жыгылып, ал жерде көңүлдөш күтүп, мамлекетти башына кийип отурган кези. Негизи мындай адам бир тармактын башында эмес, түрмөнүн төрүндө отурушу керек эле.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *