Айылчы Сарыбаев, экономика илимдеринин доктору: “Азия материгинде азыр абдан чоң саясый жана эконмикалык күч топтолду”

ШКУнун мүчөлүгүндө мурда Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан турса, 2017-жылдан тартып Индия менен Пакистан да кошулган. Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөнүнө 18 жыл болду. Албетте, эл аралык уюм үчүн 18 жыл узак убакыт. Ушул убакыттын ичинде ШКУ дүйнөдөгү таасирдүү жана жоопкерчиликтүү бирикме катары өзүн көрсөтө алды десек болот. Борбор калаабызда башталганы турган ШКУнун бүгүнкү деңгээли тууралуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев агайга суроо узаттык.

– Бул күндөрү борбор калаабызда башталып жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун бүгүнкү деңгээли, алып барып жаткан иштери тууралуу ой бөлүшсөңүз?

– Кыргызстан өзүнүн тегерегиндеги өлкөлөр менен ар кандай деңгээлдеги саясый-экономикалык байланыш түзгөн сайын «канча сомго пайдасы бар, канча сомго зыян болот?» деген суроону токтотуш керек. Бул баягы жарды, жалчы адамдын кошунасынан жалдырап тамак сураган менен барабар. Ошондуктан өз алдынча мамлекет деген сөз – өз алдынча экономикалык жактан эркин, өзүбүздү өзүбүз бага ала турган өлкөбүз. Ошол өзүбүздүн өлкөбүздү багыш үчүн тегеректеги өлкөлөр менен ар кандай деңгээлдеги саясый, маданий, экономикалык байланышты өнүктүрүү деген кеп. Биз өзүбүздүн өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылыш үчүн сөзсүз миллион сандан турган армияны түзүштүн кереги жок. Ал үчүн бир топ өлкөлөр биригип коопсуздук боюнча келишим түзүшөт. «Союздаш» деп коюшат. Төрт-беш бала биригип дос болгон сыяктуу. Ошон үчүн ШКУнун эң биринчи максаты – Азия өлкөлөрү, анын ичинде ушундай улуу держава Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан болуп, кийин Өзбекстан кошулуп, өзүбүзчө коопсуздугубузду камсыз кыла ала турган өзүнчө уюм түзөлү (!) деген маселеден башталган. Бул жерде «бир сом, эки сом пайдасы бар экен» дебей, бул өлкөлөр менен ынтымагыбызды бекемдейли, ушул өлкөлөр бирибизге бирибиз согуш ачпайлы. Бирөөлөр согуш ачса биргелешип бири-бирибизге болушалы да.

– Шанхай кызматташтыгы кайсы жылдардан тарта зор күчкө айлана баштады?

– Бул уюм 2000-жылдары эң күчтүү уюм болуп турган. Бүткүл дүйнөнү башкарып турган АКШ, Батыш Европа өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигине, аларга (экспансиялык) экономикалык коркунуч келтирип тургандарга каршы «Азия материгинде чоң бир уюм түзөлү» деген демилгелер көтөрүлөт. Мунун башында албетте Нурсултан Назарбаев турган. Ошол кишинин көрөгөчтүгү менен анын сунуштары аркылуу ушундай маселелер көтөрүлүп, анан Шанхай биримдиги түзүлгөн.

Евросоюзга, Америкага караганда күчтүү болуп бара жатканын көргөн Индия менен Пакистан өлкөлөрү да азыр «силер менен кошо бирге болобуз» деп ШКУга кошулушту. Демек, Азия материгинде азыр абдан чоң саясый жана экономикалык күч топтолду. Бул жерде «Кыргызстан кандай пайда тапты?» дегенге «Кыргызстан ушундай дөө өлкөлөр менен эч кандай, «сен кичине, сен чоңсуң» деген мамилеси жок бирдей көз караштагы, бирин-бири бирдей көргөн өлкөлөр менен катарлаш өзүнүн экономикасын, коопсуздугун сактаганга мүмкүнчүлүк алып жатат» деп жооп бермекчимин. Ошол дөө өлкөлөрдүн арасында борбор калаабыз Бишкекте экинчи ирет саммиттин өткөрүлүшү, экинчи ирет саммитти башкарып жатышы бул өлкөлөрдө теңчилик, бири-бирине өйдөсүнбөй тең кароо мамилеси абдан бекем экенин көрсөтүп турат. Ушул эле ШКУнун азыркы мезгилдеги экономикалык деңгээли, согуштук потенциалы дүйнөдөгү номур биринчи потенциал болуп калды. Демек, баягы Америка, Европа биринчи болуп, дүйнөлүк саясатты жүргүзүп, дүйнө түзүмүн, согуш болор-болбосун чечип турган мезгил өткөнүн, ошолорго каршы саясый-экономикалык коргонуу күчүнүн Азияда топтолуп, Азия материгине өткөнүн, экинчи сорт катары эсептелген Азия элинин ийгилигин өзгөчө белгилөө керек. Технологиясы начар, илим-билими начар Азия элдеринин дүйнөдө технологиясы да, экономикасы да, коргонуу позициясы да эң күчтүү болуп, номур биринчи материкке айланганын көрсөтүп жатат. Дагы бир эң чоң маселе – Шанхай кызматташтыгы дүйнөдөгү тынчтыкты сактай турган күч биримдиги болуп бара жатат. Ошону менен бирге Сириядагы, Ливиядагы, Ирактагы, жакынкы Араб өлкөлөрүндөгү, Югославиядагы талкаланууларды, Африкадагы ачкачылыкты жоюш үчүн чоң роль ойнойт.

– Экономикалык кандай жылыштарды күтсөк болот?

– ШКУ саясый коопсуздук маселесин чечкенден кийин дүйнөдөгү биринчи биргелешкен регионалдык коом болуп, БУУдан кийинки экинчи орунга чыккандан кийин, ушул өлкөлөрдүн экономикалык деңгээлин көтөрүш үчүн азыркы Бишкекте болгон саммитте жаңы саясат жүргүзүлөт. Бул экономикалык, инвестициялык жана технологияларды Шанхай биримдигине кирген өлкөлөр арасында бирге пайдалануу маселеси каралат. Бул өтө чоң мааниси бар. Демек, бул аркылуу дүйнөдөгү эң жарды эсептелген Индия, Бангладеш, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө катар эле миллиондогон жарандары мигрант болуп, өлкө башчылары коррупцияланышкан биздин өлкө ШКУ аркылуу жашоо деңгээлибизди көтөрүп, элибизге жаркын келечек түзүшүбүз керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *