Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору: “Кыргызстанда мафиоздор, контрабандисттер байып жатат”

– Айылчы агай, Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров менен социалдык фонддун башчысы Медер Ирсалиев жаңы жылдан кийин өз убагында пенсия, пособие берилбей калат деген коңгуроо какты. Мамлекеттин абалы барган сайын начарлап баратабы?

– Бул эки министр 2020-жылдагы бюджет аткарылабы, жокпу деп кабатырланып, туура жана мыйзамдуу маселе көтөрүп жатышат. Баалар кымбаттап жатса, салык быйылкыга салыштырмалуу беш миллиард сомго аз болот деген маалымат алдын ала айтылып жатса, булар пособие, пенсияны төлөй албай калабызбы деп жоопкерчиликти сезип бүшүркөп жатышат. Себеби эки министр ошол тармакка жоопкерчиликтүү. Төлөй албай калсак не болот деп толук ишене албай өкмөттө маселе көтөрүп, көбөйтүлгөн эмес, бүгүнкү күндөгү пенсияны бере алабызбы же жокпу деп алдын ала тактап жатышат. Бирок өкмөт да аларга жооп берип,пенсия, пособиени сөзсүз камсыз кылабыз деп элди ишендирип жатышат.

– Айылчы агай, мамлекеттеги экономикалык кырдаал оорбу?

– Кыргызстандагы экономикалык абалды космоско учуп баратат деп айткан жерибиз жок. Дээрдик бардык чарбалар, ишканалар жеке менчик колго өткөндөн кийин, мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык схемалар ишке ашты. Ал турсун, чек арадагы контрабандалык, мафиялык топтор иш кылганды адатка айлантышты. Анан кантип биз укмуштуудай өсүп-өнүп кеттик деп айта алабыз?

– Кыргызстанда экономика жогорулаганы менен жан башына бөлүп келгенде экономиканын жогорулаганы байкалбай жатат дешет го?..

– Кыргызстанда мафиоздор, контрабандисттер байып жатат. Салык төлөбөй качкан “так называемый” ишкерлер байып жатат. “Так называемый” дегеним, ишкерлер ишкердей болуп жумуш ордун түзүшү керек. Салык төлөшү керек. Ачык иштеши керек. Бирок биз ошолорду эле көкөлөтүп жатабыз. Алардын байыраактары тескерисинче салык төлөбөй качып жүрүшөт. Жардыраактары салыгын ачык төгүп, мыйзамдуу иш кылышат.

– Өкмөт башчы иштей албай чабалдык кылып жатабы? Бүгүн өкмөттүн ишине канааттангандар аз го?

– Кыргызда “жалгыз дарак бак болбойт” деген жакшы сөз бар. Президент менен премьер минтели, антели деп эле жанталашып жатышат. Бирок аппараттары, иштей турган министрлери начар. Депутаттар коалиция деген шылтоо менен ишти алып кете турган адамды эмес, өз партиялаштарын министр кыла коюшуп, ошол эле министрлерди эртеси күнү иштебей жатасыңар деп согуп жатышат. Анан кантип өкмөт жакшы деп айта алабыз. Албетте, начар. Ал турсун алардын катарында жогорку билими өкмөттө иштегенге туура келеби-жокпу деп ойлондурган адамдар бар. Ошон үчүн өкмөттүн иши бизди канааттандырбайт.

– Айылчы агай, сөзүбүздү парламенттик башкарууга бурсак. Парламенттик башкаруу Кыргызстанда өзүн-өзү актадыбы?

– Мен парламенттик башкаруу болсо дегендердин бири болчумун. Себеби партия болсун. Партия жазылган программасына жараша иштесе деп, партиялык системаны колдогондордун арасында болгом. Бир мандаттуу шайлоого каршы болчумун. Азыр эки анжы ойдо болуп калдым. Жарымын бир мандаттуу, жарымын партиялык система менен шайлана турган кылыш керекпи деп ойлонуп калдым. Анткени партия дегенди түшүнбөй, партия лидерлери базарга айлантып жиберди. Партияга кириш үчүн сөзсүз акча төлөшөт. Бирок ал акчалар кайда кетип жатат деген суроо ачык бойдон калып жатат. Анткени ал каражаттар партиянын ишмердүүлүгүнө кетеби же жокпу бул абдан чоң суроо. Бирок парламенттик өлкөбүз дегенибиз менен конституциядагы пункттардын бирөө дагы аткарылган жок. Демек, биз мыйзамсыз өлкөбүз деген ойго кептелем.

– Парламенттик башкарууну партия лидерлери базарга айлантып ашмалтайын чыгардыбы?

– Парламенттик башкарууну лидерлер да, жогору жак дагы, ылдый жак жана өзүбүз да ашмалтайын чыгардык. Мен өзүмдүн айылыма парламенттик шайлоодо бир партияга добуш берейин деп баргам. 28 партиянын мүчөлөрү барып алыптыр. Эл 28ге бөлүнүптүр. Эмнеге мындай жагдай орун алды деп сурасам, ал анын, бул мунун тууганы экен. Бул баланчанын таекеси экен, тигил акча берди, бул акча бербей койду дешти. Жыйынтыгында, акчасы барын шайлап, акчасы жогуна добуш бербей коюшту. Акыйкат, адилеттүүлүк артта калды. Ушундан улам элдин психологиясы өзгөрүп, турмушка болгон көз карашы тыйын менен өлчөнүп калыптыр деген ойго кептелдим. Азыр ар жак, бер жакка өкмөт же президент барып келсе, менин үлүшүм кана дешет. Ошондой эле карызга акча берсе, аны кечет бекен дешет. Кечпесе акмак өлкө турбайбы. Жерибизди, тообузду алып алат турбайбы деген жапайы түшүнүктөн өйдө боло албай калдык. Журналисттер да эмне пайда таптык деп, базардагы соодагерлердин сөзү менен сүйлөп калышты. Чынында пайда таптык эмес, ошол долбоорду ишке ашыра алабызбы же ишибиз оңолобу дешпейт.

– Коалицияга кирген партиялар өкмөттүн да кадырын кетирип, жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетти да артка тартып жатышкан жокпу?

– Коалиция деген өтө маанилүү түшүнүк. Бизде болсо андай эмес. Коалицияны кызмат деп түшүнүшөт. Коалицияга кирген партиялар бизге баланча министрликти берсе кошулалы, аны бербесе, баламды кызматка койбосо кошулбай коёлу деп турушат. Бир партияга өкмөт башчы жакпай калса эле өкмөттү кетире салалы деп коалициядан чыга качышат. Кыскасы коалицияга кириш-чыгыштын өзү оюнчукка айланып калды.

– Парламенттик шайлоодогу барьерди 5 пайыздан 9 пайызга көтөрүштү. Эми партиялар адискөйлөргө эмес, капчыктууларга басым кылып калбайбы?

– Барьердин жогорулаганын көрүп, эл партиялардан акча күтүп калышты. Мурунку шайлоодо беш жүз сомго шайласам, эми беш миң сомго шайлайын деген түшүнүккө өтүп башташты. Партиялар чын эле программа менен иш кылышса, курамы күчтүү болсо, арасында мамлекетчил инсандар басымдуулук кылса аз болсо да алдыга жылуу болот эле. Эгер жалаң байларды шайлайбыз дешсе, анда капчыктууларга басым жасалаары бышык. Шайлоого аттанган көп партиядан 3-4 партия утуп келет. Бирок тилекке каршы утуп келе турган партияларга билимдүү, акылдуулар эмес, акылдуу бирок жеке кызыкчылыгын жогору койгондор келип жатат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *