Ак ийилет, бирок сынбайт…

– Курсан Асановго, баласына козголгон кылмыш ишинде саясий куугунтук бар деп ойлойсузбу?

Турсунбек Акун, экс-ахыйкатчы: “Асановго козголгон кылмыш, баласына издөө жарыялоо жакшылыктан кабар бербейт”

– Менимче, Курсан Асановдун абалы ИИМДеги интрига күч алып, генералдардын кармашы ачыкка чыкканын далилдейт. Башкача айтканда, эки генералдын кармашы менен ИИМдин ичиндеги чоң системалуу тиреш ачыкка чыкты. Ошон үчүн анын мурдагы эмгектери эске алынбай, чыккынчы катары сыпатталып жатат. Бул жакшылыктан кабар бербейт. Мунун арты сөзсүз бир ойго салган окуяга түртүшү мүмкүн. Бул жаман көрүнүш. Кандай болгон күндө дагы Курсан Сатаровичтин эмгеги бааланып, бир жактуу караланып калбашы керек. Өзү үй камагына алынганы аз келгенсип, баласына издөө жарыяланганы да ойго салган окуя болду. Башкача айтканда, чоң шектенүүлөрдү жарата баштады. Мен Курсан Асановдун Атамбаев менен сүйлөшкөнүнөн кылмыштын белгилерин көргөн жокмун. Тескерисинче, Атамбаевди кан төктүрбөй калды деген ойдомун.

Максат Мамытканов, саясат талдоочу: “Асановго коюп жаткан күнөөнү кылмыш деп айтууга такыр болбойт”

– Асанов өзүнүн профессионалдуулугун чыныгы критикалык кырдаалда көрсөткөн офицер. Ал “кабинет” генерал эмес. Кеп 2010-жылдагы Ош окуялары, террористтик көрүнүштөрдү жоюу жана акыркы окуялар тууралуу болууда. Саясий кырдаалдын көз карашына жараша аны камакка алуу бийликтин эң чоң катасы болмок. Иш козголгондугуна жана териштирүү иштери жүрүп жаткандыгына жараша сот чара көрүү чечимин чыгарыш керек жана бул маселени чечиш керек. Ушундан улам, үй камагына алуу мыйзам боюнча чара көрүүнүн эң жеңил чарасы болуп саналат. Бул кадимкидей эле көрүнүш. Эгер Асановду жөнөкөй “ууру”, коррупционер, “бандит” катары камакка алышса, анда бул ишти эл башкача кабыл алмак. Бул болсо эл арасында мындан да чоң нааразычылык жаратмак. Курсан Асановго коюп жаткан күнөөнү кылмыш деп айтууга такыр болбойт. Ага койгон күнөөнүн оорчулугун, ал алдын алган оор ишке такыр салыштырууга болбойт.

Рита Карасартова, укук коргоочу: “Курсан Асановдун баласын аралаштырып, сындыруунун аракети көрүлө баштады”

– Курсан Асановго жана баласына козголгон кылмыш иштер саясий куугунтукка окшошуп турат. Анткени ага колдонулган ыкма канча жылдан бери укук коргоо жана тартип сакчылары менен бирдикте сынбаган кишилерди сындырууга багытталган ыкмага окшоп жатат. Курсан Асанов да андай ыкма неге колдонулуп жатканын жакшы билет. Негизи Кыргызстанда Курсан Асановго, Садыр Жапаровго окшогон духу күчтүү кишилерди тергөөнүн алдында сынбасын билип, алардын балдарын, жакын туугандарын да ошол системага аралаштырып туруп сындыруунун жолун издешет. Ата-энеге бала ыйык болот. Өзү үчүн болбосо да, баласы үчүн ийилет. Өкүнүчтүүсү Курсан Асанов азыр ошол ыкманын курмандыгы болуп жатат. Ал кишини суракка алмак турсун, камаса да сынбайт. Ошон үчүн баласын аралаштырып сындыруунун аракети көрүлө баштады.

Кабай Карабеков, экс-депутат: “Элге белгисиз жагдайлар көп болуп жатат”

– Азыр саясий куугунтук бар же жок деп бир жактуу айтуу чыны менен кыйын. Анткени аны кызматтан алууда элге белгисиз жагдайлар көп болуп жатат. Тергөөнүн жүрүшү менен көп нерсе аныкталат деп ойлойм.

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *