“Ак Илбирс – 2020” улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды

25-апрелде өткөрүлө турган «Ак Илбирс» улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде “Ак Илбирс” улуттук кино сыйлыгын уюштуруу комитетинен билдиришти.

“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо кризисинин оор күндөрүндө, “Ак Илбирс” кино академиясы пандемия менен күрөшүп жаткан бардык адамдар менен тилектештигин билдирет. “Ак Илбирс – 2020” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи коопсуз болгон учурда өткөрүлөт. Аземдин так датасы кийинчерээк жарыяланат. Салтанатка бардык даярдыктар планга ылайык жүргүзүлүүдө” – деп айтылат маалыматта.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *