Академик Бейшен Иманакуновдун сөөгү Кашка-Суу айылына коюлду

90 жашында каза болгон окумуштуу-химик, академик Бейшен Иманакуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын имаратында болуп өттү. Маркумдун сөөгү Бишкектеги  Кашка-Суу айылына коюлду.

Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бейшен Иманакунов Улуттук Илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда узак жыл эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Илимдер академиясында Асыл металлдардын химиясы жана технологиясы лабораториясынын башчысы болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *