Акибаевдин “чемоданына” кызмат тийип калса таң калбагыла

Ысык-Көл областына башчы болуп Токтобек аттуу адам эле барбаса, башкалары токтобос болду. Өкмөт акенин койгон ар бир өкүлдөрүнүн артына, түлкүнүкүндөй булактаган куйрук пайда болуп жаткандыгы жалган эмес. Баарыныкы эле оп-окшош. Өнүктүрүү фондуна түшкөндөрдү oп тартуу. Ошолордун ичинен учурдагы бийликтин өз балдарына сөз да, ок дагы жетпес тура. Мына акыркысы Мирбек Асанакунов менен Аскат Акибаевдер дал ушундай күбүр-шыбырдан улам эле кызматтарынан алынганын укканбыз. Ал турсун Асанакуновго кылмыш иши деле козголгон. Анысын унуткарып кечээ жакында Кыргызстандын Профсоюздар Федерациясына төрага болуп шайланганы бар. Эми Аскат Акибаев да чемоданын көтөрүп Ак үй менен Көк үйдү, анан СДПКнын штабын айланчыктап жүрүптүр. Жакын арада ага да кызмат тийип калса таң калбагыла.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *