Акин Токталиев: “Конституциядан “светтик” деген түшүнүктү алып салуу керек. Өлкөдө калктын 2%ы гана атеисттер, калганы динге ишенгендер”

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы директору Акин Токталиев “светтик” деген түшүнүктү КРнын Конституциясынан алып салуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин ал журналисттерге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө элдин 98%ы динге ишенгендер, ал эми калган 2%ы атеисттер.

“Калктын дээрлик бардыгы диний ырым-жырымдарды жүргүзүшөт. Светтик мамлекетте жарандар Исламды четке кагышы керек, бирок бизде аны эч ким танбайт! Элибиз Ислам дининин жардамы менен аман калган. А эгер биздин өлкө алгач светтик болгон болсо, анда биз өз атыбызды унутуп, улут катары жок болуп кетмекпиз” – деди ал.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *