Акин Токталиев, адвокат: “Бийлик Чубак ажыга “экстремист” деген беренени илип, соттогонго даярданып жатат”

Дин комиссиясы экспертиза жасаганга мыйзам жол бербейт. Мындай пикирин адвокат Акин Токталиев өзүн соцтармактагы баракчасында жазды. Анын айтымында, азыркы бийлик диний билими жок “дежур” чалдардын көрсөтмөсү менен мыйзамсыз иштерди жасап жатат.

“Диний комиссия Ош шаарынын милициясына Чубак ажы Жалиловдун сүйлөгөн сөздөрү диний кастыкты козготууга багытталган деп эксперттик корутундуну чыгарып бериптир. Айта кетсек, мыйзам чегинде Дин комиссиясы экспертиза жасаганга мыйзам жол бербейт, ага карабастан Дин комиссиянын кызматкерлери мыйзамсыз экспертиза жасап жүрүшөт.  Ушул кезде бийлик Чубак ажыга “экстремист” деген беренени илип, мыйзамсыз, зордук-зомбулук менен соттогонго даярданып жатышат”, – дейт Токталиев.

Эске салсак, кечээ Ош милициясы диний аалым Чубак ажы Жалиловду суракка чакырганын анын жактоочусу Акин Токталиев билдирген эле.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *