АКШ Казакстанды Сириядан жарандарын кайтаруу тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырды

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шейшембиде Вашингтонго расмий сапары менен барган Казакстандын тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолукту.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Морган Ортагустун билдиришинче, жолугушуунун жүрүшүндө Помпео Казакстан Ооганстанда тынчтык орнотууну колдоп жатканын белгилеп, жаңы өкмөттүн тушунда эки тараптуу мамилелерди бекемдөө ниетин билдирди.

«Мамлекеттик катчы Сириядагы жарандарын мекенине кайтарып келүү боюнча Казакстандын лидерлигин жогору баалап, Астананы бул тажрыйбасын башка өлкөлөр менен бөлүшүүгө чакырды», — деп билдирди Мамдепартаменттин басма сөз кызматы.

Майдын соңунда казак бийлиги Сириядан жүздөгөн жаранын, анын ичинде 357 баланы мекенине алып келгенин билдирген.

2018-жылы июлда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети Жакынкы Чыгышта согуш башталгандан бери Сирия менен Иракка 800гө жакын казак жараны кеткенин кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *