АКШ Конгрессине Орусиядагы саясий туткундарды колдогон мыйзам долбоору келип түштү

Эллиот Энгел (солдо) жана Майкл Маккол.

Дүйшөмбү күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасына орус бийлиги тарабынан көз карандысыз журналисттерди, оппозиционерлерди, жарандык коом жана диний уюмдардын өкүлдөрүн куугунтуктоо үчүн түрмөгө камоону айыптаган мыйзам долбоору киргизилди.

Мыйзам долбоорунда Орусияда түрмөдө же үй камагында отурган 300дөй саясий туткун жөнүндө айтылып, алты кишинин: Алексей Пичугин, Игорь Рудников, Константин Котов, Анастасия Шевченко, Юрий Дмитриев жана Деннис Кристенсендин аты аталган. Резолюция Мамлекеттик департамент, ЕККУ, эл аралык уюмдар жана “Мемориал” коому чогулткан маалыматтарга негизделген.

Документте Орусия бийлигин “Мемориал” коому тарабынан саясий туткун деп таанылган кишилерди токтоосуз түрдө бошотуу чакырыгы камтылган. Америкалык мыйзам чыгаруучулар АКШнын мамлекеттик катчысы менен каржы министрине “Магнитский актысынын” алкагындагы ыйгарым укуктарын колдонуу менен куугунтуктоого катышы бар орус аткаминерлерине санкция салууну сунушташты.

“Владимир Путин эң эле корккон нерсе – бул чындык. Орусия президенти мыйзамды куугунтуктоо инструментине айлантып алды. Ал журналисттерди үн чыгарбоого мажбурлап, саясий атаандаштарын коркутууда… Биз, америкалыктар, үнү басылган кишилерди колдоо иретинде добушубузду чыгаруудан коркпошубуз керек ”, – деди конгрессмен Майкл Маккол.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *