АКШ Скрипалдардын ишине байланыштуу Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди

Скрипалдардын ишине байланыштуу Орусияга каршы киргизилген америкалык санкциялардын экинчи топтому 26-августта күчүнө кирди. Документке АКШнын президенти Дональд Трамп августтун башында кол койгон.

Жаңы санкциялар тууралуу өлкөнүн Федералдык реестрлер сайтына жарыяланган билдирүүдө АКШ эл аралык каржы уюмдарынан Орусияга насыя, каржылык жана техникалык жардам бербеши керектигин талап кылган.

Жаңы санкцияларга ылайык, АКШнын бардык банктары орус өкмөтүнө азык-түлүк же башка айыл чарба азыктарын сатып алуудан башка максаттар үчүн насыя бере албайт. Мындан тышкары америкалык банктар менен жеке инвесторлордун баштапкы базарларда Орусиянын мамлекеттик баалуу кагаздарын сатып алуусуна тыюу салынат. Бул тыюу санкциялар киргизилгенден кийин чыгарылган баалуу кагаздарга гана тиешелүү болот.

АКШ «Скрипалдардын ишине» байланыштуу Орусияга каршы алгачкы санкцияларды өткөн жылы 22-августта киргизген. Алар Улуу Британиянын аймагында мурдагы орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу киргизилген. Бул окуя АКШ жана Улуу Британия бийлиги тарабынан башка өлкөнүн аймагында биологиялык жана химиялык курал колдонуу катары бааланган.

Санкциялардын биринчи топтому менен АКШнын улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешеси бар товарларды жана технологияларды, ошондой эле электроника, авиация жана мунай-газ тармагында колдонулуучу жабдыктарды Орусияга экспорттоого тыюу салынган.

Мындан тышкары анда америкалык аэропорттордун орус авиакомпаниялары менен иштешүүсүнө тыюу салып, орус банктарын эл аралык төлөм системаларынан «чыгаруу» мүмкүндүктөрү талкууланган. Бирок бул идеялар ишке ашкан жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *