АКШда Кыргызстандын жарандары үчүн виза боюнча чектөө киргизмей болду

“Акүй” жети өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын да жарандары үчүн виза режимине өзгөртүү киргизгени жатышат. Бул тууралуу 21-январда The Wall Street Journal гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык, АКШ бийлиги Белорустун, Эритериянын, Кыргызстандын, Мьянманын, Нигериянын, Судандын жана Танзаниянын жарандары үчүн визанын кээ бир түрлөрүнө чектөө киргизүүнү карап жатат.

Азыркы тапта визалык чектөө Ирандын, Ливиянын, Сомалинин, Сириянын, Йемендин, Венесуэланын жана Түндүк Кореянын жарандарына иштеп жаткан учуру.

Бирок аталган мамлекеттердин жарандары караманча АКШга кире албайт дегенге жатпайт.

Бул тизмеге эмнеге Кыргызстан кирип калды? Демек, АКШ бийлиги Кыргызстандын жүргүзгөн тышкы саясатына канааттанбайт көрүнөт. Андай болсо, өлкөбүздөгү саясый кырдаалга таасир берүү үчүн жан үрөй турганы бышып жетилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *