Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү арызын жазды
Дүйнө жүзүндө Кызмат-мансап

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү арызын жазды

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу The Hill басылмасы кабарлады.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын атына жазган арызында Хантсман эки өлкө ортосундагы мамилелердин оор учурунда ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

Америкалык дипломаттын бул кызматта 3-октябрга чейин иштей турганы кабарланууда.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Хантсман Юта штатына кайтып барып, алдыдагы шайлоодо губернатор кызматына талапкерлигин коюуга ниеттенүүдө.

Хантстман – Республикалык партиянын мүчөсү. АКШнын Орусиядагы элчиси кызматына 2017-жылы дайындалган. 2005-2009-жылдар аралыгында Юта штатынын губернатору болуп иштеп, кийин АКШнын Кытайдагы элчиси кызматына дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Япониядагы кыргыз элчиси Мирлан Арстанбаев «Санариптик коомду илгерилетүү» уюмунун төрагасы Сожи Сузуки менен жолугушту

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады

Япониядагы круиздик кемедеги кыргызстандыктан коронавирус табылды