Аксыда 16-17 жаштагы 6 мектеп окуучусу уруксатсыз унаа айдап кетишип, жол кырсыгына кабылышты

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу журналисттерге  укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти. Бул тууралу Жалал-Абад облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуучулардын бири ата-энесинин уруксатысыз унааны айдап кеткен.

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери кырсык 25-июль күнү саат 03:00 чамасында Кербен-Кош-Дөбө унаа жолунун 5-чакырымында болгонун түшүндүрүштү. “Мерседес-Бенц” унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жолдон чыгып, бир нече жолу оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен алты адам жабыркаган. Алардын бардыгы 16 жана 17 жашта. Алар ооруканага жаткырылган.

Маалыматка караганда, унаа уурдалган эмес, окуучулардын бири аны ата-энесинин уруксаты жок алып кеткен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *