Аксы районунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ,  1-декабрь күнү саат 09:32де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Райкомол, Кечүү айылдарында 3 балл, Ит-Сай, Кызыл-Бел, Ак-Жол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *