Актер Леонардо Ди Каприо “Оскарынан” айрылды

Кино “жылдыз” Леонардо ди Каприого качандыр бир кезде актер Марлон Брандого таандык “Оскар” сыйлыгын миллиардер досу Джон Лоу белек кылган. Бул тууралуу The Wrap басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, актердун досу Джон Лоу миллиарддаган долларды уурдаган деп айыпталып, камакка алынган, бул окуядан кийин актер сыйлыгын өлкө бийлигине кайтарып берген.

“Оскар” менен бирге Ди Каприо ага досу белек кылган бир катар буюмдардан дагы баш тарткан, анын ичинде Пикассонун “Буканын башы менен” натюрморту дагы бар.

Басылма кабарлагандай, Джон Лоу малайзиялык фонддон уурдаган акча каражаттарын кымбат баалуу нерселерди, жалтыр-жултур буюмдарды сатып алууга короткон. Алардын бири – 250 миллион долларга бааланган яхта.

Ал Леонардо ди Каприого белек кылган “Оскарды” качандыр бир кезде актер Марлон Брандого “Портто” тасмасында аткарган ролу үчүн тапшырган.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *