Актөбөдө мунай уурдады деп шектелген «кылмыштуу топ лидери» камалды

Актөбө шаардык соту «мунай уурдаган деп» шектелген уюшкан кылмыштуу топтун башчысын камакка алуу чечин чыгарды.

Актөбө облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча биринчи топтогу майып Еркин Избасар менен анын шериги делинген адамдарга кылмыштуу топ түзүү, ошондой эле мыйзамсыз жол менен мунай алуу, сатуу жана сактоо айыптары тагылды. Шаардык сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Бүгүнкү күндө Избасардан башка дагы сегиз шектүүнүн аты-жөнү белгилүү: Саят Дусипов, Есенжан Еркетаев, Азат Амитов, Адайбек Сарсенов, Бауыржан Батыров, Нурлан Казкенов, Аухат Калиев жана Жанат Ильясов. Маалыматтарга караганда, шектүүлөр айыптоолорду четке кагышууда.

Мунай уурдоого шектелгендердин кармалгандыгы тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети 7-декабрда билдирген. Күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы Актөбө облусунда жана башка бир нече аймакта өткөн. Коопсуздук комитети «ал масштабдуу атайын операциянын» чоо-жайын, анын ичинде кармалгандардын аты-жөнүн, кайсыл жерде жана качан кармалганын маалымдаган эмес.

Атайын операциянын жүрүшүндө мунай жана мунай өнүмдөрү жүктөлгөн автоцистерналардын алынгандыгы кабарланган. Коопсуздук комитети кармалгандардын арасында «салафи агымын тутунгандар» бар экенин билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар мунай уурдагандарды калкалап келишкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *