Акүй Трамптын шайлоодогу алдамчылык боюнча билдирүүлөрүн четке какты

Акүй АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын шайлоодогу көз боемочулук боюнча айткан билдирүүлөрүн четке какты. Трамп буга чейин мыйзамсыз добуш берген миллиондогон адамдарды эске албаганда, 8-ноябрдагы элдик добуш берүүдө жеңишке жетишкенин жарыялаган.

Америка администрациясы Трамптын айткандарын колдой турган бир дагы далил жок экенин билдирди.

Трамп демократтардын талапкери Хиллари Клинтон жеңип чыккан Виргиния, Нью-Гэмпшир жана Калифорнияда добушту бурмалоолор болгонун 27-ноябрда Твиттердеги барагына жазган. Бирок эч кандай далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин Клинтондун штабы Жашылдар партиясынын Висконсиндеги добуштарды кайра саноо боюнча демилгесин колдой турганын маалымдаган.

8-ноябрдагы шайлоодо республикачылардын талапкери Дональд Трамп шайлоо коллегиясынын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушун топтогон. Клинтон болсо жалпы добуш берүүдө Трамптан 2 миллиондой добуш көбүрөөк алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *