Акыйкатчы кечээки феминисттердин жүрүшүндө мыйзамды бузган милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууну сунуштады

Свердлов РИИБнин бир катар кызматкерлери КРнын “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамын четке каккандыгы үчүн дисциплинардык жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-март күнү билдирди.

Алардын айтымында, кечээ, 8-март күнү аялдардын жүрүшүндө кармалган адамдар менен жолугуу максатында акыйкатчы аппараттын кызматкерлерин Свердлов РИИБне жиберген. Бирок милициянын кызматкерлери бир сааттан ашык эксперттерди киргизбей койгон. Кармалгандардын бардыгы кое берилгенден кийин гана акыйткатчынын өкүлдөрү мекемеге кирип, кабинеттерди көрүп, суроолоруна жооп ала алышкан.

“Кармалгандарды кое бергенден кийин, жүрүштүн 70 катышуучусу кармалганы анык болгон. Алардын 9уна бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей каршылык көрсөттү деген айып менен протокол түзүлгөн. Ошондой эле кечээки жүрүштөгү аялдарга кол салган беткапчан адамдарга эч кандай тиешеси жок делген “Кырк чоро” коомдук уюмунун өкүлдөрүнө дагы протоколдор түзүлгөн” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, күн мурун, 8-мартта Бишкекте башталган Феминисттик жүрүштү ак калпак, медициналык беткап кийген балдардын тобу “гей-парад” деп атап, күч менен кууп таратышкан. Жерине барган милициянын кызматкерлери чагымчылдарды жана феминисттик жүрүштүн катышуучуларын кармап, протокол түзүп, кээ бирлерине 3000 сомдон айыппул салып, анан чыгарган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *