Акыйкаттык каякта “Ата Мекен”

“Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Алмазбек Атамбаевге кыр көрсөтүү менен айрымдарга президентти шыбатууга катуу көңүл бурду. Бүгүнкү күндө “Ата Мекен” Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясынын катарында турат. Андай эле эл үчүн чындап күйөт экен, болгон артыкчылыктардын баарынан баш тартып, көпчүлүк коалициянын курамынан чыгып кетпейби? Жок. Чыга албайт. Анткени ага  аба менен суудай бийлик керек. Көчүгү кууш. Себеп? Себеби “Ата Мекен” саясий партиясынын мүчөлөрү мамлекеттик структураларда жогорку кызматтарда отурушат. Фактыларды келтирели: Н.Сыдыгалиев – КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, А.Түмөнбаев – “Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрүнүн” аткаруучу директору, К.Эгембердиев – Кочкор-Ата шаарынын мэри, С.Жаманкулов – “Кыргызпочтасы” директорунун орун басары, дагы бир топ мамчиновниктердин тизмесин улай берсек болот.

Мына  жакында социалдык түйүндөрдө көчөдө картон кагаздын үстүндө уктап жаткан баланын  фотосу жарыяланды. Кудай мындай бербеспи, бул сүрөттү көрөөр замат эле “атамекенчилер”: “Үйү жок бала болсо көчөдө уктабаганда анан кайда уктамак эле. Мунун баарына бийлик күнөөлүү!” – деген сөздөр менен  интернеттин ичегисин чубашты. А чындыгында балдарга камкордук көрүү –  Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы милдети. Эгер алар өз милдеттерин аткарбаса анда ким күнөөлү? Президентпи? Парламентпи же көчөдө калтырган баланын ата-энесиби? Албетте, ата-энеден кийин эле балдардын тагдыры тууралуу иш жүргүзгөн министрликтин жоопкерчилиги келип чыгат. Ырас, ал бийликтин  бир бутагы. Бирок ошол бутакта “Ата Мекен” саясий партиясынын  адамы Кудайберген Базарбаев – КР Социалдык өнүктүрүү министри болуп койкоюп конуп отурбайбы? Демек “атамекенчилер” башканы сындоодон мурун өз башындагы “төөнү” көрүшсө дурус болмок. Министр болгондон кийин көчөдө калган баланын проблемасын чечкенге түздөн-түз катыштыгы бар экени айдан ачык эмеспи.  Бийликке баарын шылтап койсо болот. Тек гана бийлик башында кайсы партиялар отурат ошого да бир аз көңүл бурушубуз зарыл.

Булак: Фабула 

 

 

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *