Акылбек Эшимов, экс-депутат: “1000 сом, 100 миң сом же миллиондук досторум бар”

– Бактылуу бала чагыңызды кантип эске саласыз?

– Кичине кезде көпчүлүк балдардын бары эле мектепке барууну самап келишет эмеспи. Бир жолу бала бакчага барып жүргөн кезимде апам мектепке алып барып “окуп жатасың” деп мени алдап коюп, эки-үч күн өткөндөн кийин кайрадан бала бакчага алып барып коюшканы эч эсимден кетпейт. Кийин бир жыл эрте бала бакчадан чыгып, өзүмдөн бир жаш улуулар менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Жарооз айылынын М.Лермонтов атындагы орто мектептин босогосун аттадым. Ошол эле мектепте апам ыраматылык башталгыч класста балдарга сабак берсе, атам мектеп директорунун орун басары жана дене тарбия мугалими эле. Апам өзүмдүн класс жетекчим болгон. Ошол менден бир жаш улуу досторум менен азыркы убакка чейин катташам. Жарооз айылында 8-класска чейин билим алып, кийин Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы орто мектеп-лицейине барып химия-физика бөлүмүндө окудум.

– Ошол кезде шоктук кылып ата-энеңизден таяк жеген күндөрүңүз болду беле?

– Албетте, тентектиктин айынан көп эле уруш жеген күндөр болгон. Кээде шоктук кылып кыздарыбыз менен урушуп кеткенде милиция кызматкерлерин чакырып “каматып салабыз” деп коркутушчу. Ата-энем мугалим болгондуктан сабакты тынбай окудум. Таң эрте мал жайып, түштө мектепке барып-келип, үйгө жардам берип, кечкисин сабак окуп, эң негизгиси ата-энебизди уят кылбаганга аракет кылчубуз.

– Бирок ошентсе деле кээде ата-энеңизге таянып сабак окубай койгон күндөрүңүз болсо керек?

– Жок, биз тескерисинче бири-бирибизге атаандашып сабак окуйт элек. Менин бир эжем, эки агам бар. Үйдөн агамдардын китептерин окуп билим алууга умтулсам, ата-энемдин татыктуу тарбиясы келечекке туура багыт бере алды. 5-6-классымда физика, математика, география сабактарынан агайларым мени олимпиадаларга алып кетем деп талашып калышчу. Бардыгына макулдугумду берип коюп кийин жетишпей, кээ бир мугалимдеримди капа кылып алган учурларым болгон.

– Сиздин жогорку билимиңиз юридикалык жактан болсо дагы, кайсы бир учурларда басмаканада иштеп калдыңыз. Ал жакка кантип барып калдыңыз эле?

– Окууну бүткөндө Кыргызстан эгемендүү мамлекет болуп, жашоо-турмуш татаалдап, апам ыраматылык өтүп кетип, ыңгайсыз күндөр көп болгондуктан басмаканада иштөөгө туура келген. Ал жакта 2 жылдай кызмат кылдым.

– Жаш кезиңизде эле саясатка аралашып, мамлекеттик  кызматты аркалайм деп кыялданчу белеңиз?

– 10 жыл улуттук оюн көкбөрүнүн курама командасын жетектеп жүрдүм. Ошол кезде эл аралап тойлордо, мааракелерде жүргөн кезде көпчүлүк аксакалдар  “Сен депутат боло турган жигитсиң” деп бата беришчү. Бирок депутат болуу оюма да келчү эмес. Бул кесипти кудай мага насип эткен экен. Парламенттин 5-чакырылышында жакшы добуш менен депутаттыкка шайланып, элиме колдон келишинче кызмат кылдым. Андан сырткары Ош облусунун “Көкбөрү федерациясынын” президентимин.

– Өзүңүз ат үстүндө оюн көргөзүп, ар кандай мелдештерге катышып турасызбы?

– Албетте, оюндарга катышам. Өзүм дзюдо, самбо боюнча  5-6 жыл машыгып жакшы ийгиликтерге жетишкем. Негизи эле спортко абдан кызыгам. Кара-Суу районунун Кашка-Кыштак айыл округунда 3 миң адам бата турган “Айдос” деген аталыштагы чоң спорт ордо куруп, жаш спортчуларга колдоо көрсөтүүдөмүн. Учурда аталган спорт ордо Ош облусу боюнча эң жаңы жана борбордогу чоң спорт ордосу болуп калды деп ойлойм.

– Канча жылдан бери руль башкарасыз?

– 1962-жылдары Кыргызстанда биринчи жолу лотерея ойнотулуп, өзүмдүн атам мектепте окуп жүргөн кезинде лотереяны коон, дарбызга сатып алып ойнотуп “Москвич” үлгүсүндөгү автоунаа утуп алган. Азыр элдер “Машина утуп алган Жусуп жүрөбү?” – деп менден сурап калышат. Атам дагы туугандарга чалып: “Лотерея алып ойноткула” – деп турат. Мен билгенден үйдөн машина үзүлгөн эмес. Эстесем, 3-4 классымда атамдын машинасын айдаптырмын.

– Мамлекеттик кызматтагы адамдарды “ак кол” деп коюшат эмеспи. Сиз үйдө мык кагып, отун жарып дегендей кара жумуштарды жасайсызбы?

– Үй жумуштарын жасаганды абдан жакшы көрөм. Өткөндө Курман айтта Ошко барып туугандарымдын баарын чогултуп, өз колум менен кой союп, отун жарып, эт бышырып тамак бердим. Негизи эле үйдөн жумуш жасагандан эргүү алам.

– Канча жылдан бери намаз окуйсуз?

– 2011-жылы ажыга барып келгем. Ошондон бери беш маал намаз окуйм. Көпчүлүктү дагы намаз окуганга, деги эле ыйманга чакырат элем. Ар ким ар кандай сөздөрдү айта бериши мүмкүн. Бирок, намаз бул адамдын өзү үчүн. Намаз окуган адамда бир аз болсо дагы ыйман болот.

– Ушул убакытка чейин бирөөдөн карыз акча алып бере албай кыйналган күнүңүз болду беле?

– Албетте, болгон. Биринчиден адам акчаны пайдаланганды, карыз алып кайра бергенди билип, акчага кылдаттык менен мамиле жасашы керек. Карыз берип, алып турган жакшы. Азыр деле кээде карызга акча алып, кайра убагында берип коем.

– “Акчам жок калды” дегенде чөнтөгүңүздө канча акча болот?

– Жок дегенде 100 доллар болот. Кээде болбой дагы калышы мүмкүн.

– Кайсы бир учурда жакын досуңуз сизди сатып кетип капа кылган учурлар болгонбу?

– Андай учурлар жаш кезден баштап азыркы учурга чейин кездешип келет. Досторду сом менен санаганда 1000 сом, 100 миң сом же миллиондук досторум бар. Бул биздин мамилебизге жараша. Мисалы миллиондук досторум менен ушул убакытка чейин бири-бирибизди алдабай, жөлөк-таяк болуп, келечекте дагы катташып, жакшы мамиледе калабыз деген үмүтүм бар.

– Келечегиңизди кантип элестете аласыз жана кандай максат коесуз?

– Келечегим кандай болот бир гана кудай таалам билбесе эч ким билбейт. Ошондуктан кудайдан бекем ыйман, ден соолук, бир тууган, эли-жериме тынчтык, кут, береке бер деп суранам. Ар дайым Кыргызстаныбыз эң алдыңкы мамлекеттердин бири болооруна ишенип, өнүгүп-өсүшүнө салымыбызды кошуп, жакшы ниет менен иш алып барышыбыз керек деп ойлойм.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *