Акылбек Мусаев: «Дүйнөлүк хирургдардын бири болууга аракеттенген жигиттерге шарт жок чет жакта жүрүшөт»

Акылбек Мусаев медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери жана саламаттыкты сактоонун отличниги. 60тан ашуун илимий иштери, 1 монография, 2 ойлоп табуучулук эмгектери бар. Учурда Бишкек шаардык №1-бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Дарыгерлик кесип психологиялык жактан өтө оор кесиптердин бирине кирет. Себеби көптөгөн бейтаптар ар түрдүү оорулар жана ар кандай тагдырлары менен келишет. Ал эми дарыгер кандай гана кырдаал болбосун баарына даяр турушу абзел. Андыктан дарыгерликти кесип катары эмес ошол адистин жашоо образы катары кабыл алсак окшошчудай. “Ар бир адам кесип тандоодо өзүнүн жаратылыштан берилген жөндөмүнө жана кызыгуусуна терең байкоо салып, жан дүйнөсүнө туура келген кесипти тандап алуу талапка ылайык. Ошондо гана милдет катары эмес жан дүйнөң менен берилип иштейсиң. Сүйгөн ишиңе бардык күчүңдү, убактыңды, билимиңди жумшайсың. Ошондо гана ийгиликке жетип жакшы жыйынтыктар менен коштолот”- дейт профессор Акылбек Мусаев.

— Акылбек Инаятович, алгач, сизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңиз жана бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

— Атам Жогорку окуу жайдын кыргыз филология факультетин бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң бир топ жыл Улуттук Университетте мугалим, кафедра башчысы болуп иштеген. Кийинчерээк 1963–1964- жылдары Илимдер Академиясына Манас секторунун башчысы болуп которулуп кеткен. Ошондон баштап өмүрүнүн аягына чейин Манасты изилдеп, жазып жана китеп катары чыгарган. Манасчы Сагынбай Орозбаковдун вариянтын 1987–1988- жылдары орус тилине которуп, ал Москвадан басылып чыккан. Башкы редактору улуу жазуучубуз Чыңгыз Төрөкулович болгон. Ал эми апам педагогикалык институтту бүткөн. Өмүр бою мугалим болуп иштеди. Апам 2004-жылы, атам 2010- жылы каза болуп калышты. Атабыздын жолун жолдогондордон агам бар. Ал окуусун аяктагандан кийин Ош пединститутунда, Кыргыз Улуттук Университетинде эмгектенген. Билим берүү министрлик кызматын да аркалап калды. Азыр болсо Бишкек Гуманитардык Университетинде ректор болуп иштейт. Филология илимдеринин доктору. Эжем бар, ал да кыргыз тили боюнча адис. Филология илимдеринин доктору.

— Тилчилердин үй бүлөсүндө сиз кантип дарыгер болуп калдыңыз?

— Ооба, биздин үй бүлөдөн жалгыз гана мен медицина тармагын тандап калдым. Бул кесипти атамдын суранычы менен тандап алгам. Себеби атамдын 50 жаштагы агасы бар болчу. Ал, ашказан рагы менен ооруп калып, атам агасы менен алектенип, доктурларга көрсөтүп бир топ кыйналып калган экен. Ал мезгилде мектепте окуп жүргөн бала элем. Кийинчерээк 9- классты бүткөндөн кийин атам айтып калды. “Сен Медициналык Институтка барып тапшырып медик болосуң. Бир үй бүлөдө сөзсүз бир доктур болушу керек экен”-, деп. Ошондуктан атамдын сөзүн эки кылбай дарыгерлик кесипти тандап калдым. Чындыгында башында менин көңүлүм жок болчу. Мен философияны жактырчумун.

 Окуу жайды аяктаган соң кайсы жерден иштеп баштадыңыз?

— Медициналык институтту бүткөндөн кийин ушул эле 1- бейтапкананын поликлиникасында хирург болуп иштедим. Андан кийин 85- жылы Ростов- Дон шаарындагы Медициналык окуу жайга хирургия боюнча аспирантурасына өтүп 89-жылга чейин окудум. Анда союз учурунда биринчилерден болуп мен барган учурда лазерди колдонуп башташкан экен, ошол ыкманы өздөштүрдүм жана лазерди колдонуу боюнча диссертацияны ошол темада жактадым. Кайра келип 90- жылдары хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштадым. Ошондон бери 30 жылга жакындап калды, хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштейм. Мындан сырткары 2008- жылы хирургия боюнча кафедра ачылып ошону жетектедим.

 Бүгүнкү күнгө чейин канча операция жасадыңыз жана анын арасынан өзгөчө эсте калаарлыгы болдубу?

–20 миңден ашык операция жасадым. Операциялар ар түрдүү. Андай өзгөчө учурлар өтө көп болду. Башкаларга салыштырмалуу бул өзгөчө деп бөлүп алууга болбойт. Бейтапты илдетинен айыктырууга болгон аракетибизди жумшайбыз, Кудайдын буйругу экен кээде тилекке каршы ийгиликсиз учурлар да болот.

— Кайсы ооруга операция көп жасалат?

— Акыркы учурларда эмес негизи 20–25 жылдан бери эле өт баштыкчасына көп жасалат. Бул дүйнө жүзү боюнча жалпы хирургияда эң көп жасала турган операция. Саны боюнча да биринчи орунда турат. Мындан сырткары аймактык деп айтылат, эхинококкоз жана альвеококкоз боюнча абал курчураак. 2010–2012- жылдары альвеококкоз оорусу көбөйдү. Санитардык- профилактикалык чаралар көрүлүп, акыркы жылдарда бир аз азайды. 90- жылдары ашказан жарасына операцияны көп жасачубуз. Бир топ дїйнєлїк окумуштуулар ашказан жарасын дарылоо жолу менен айыктыруу ыкмасын таап, ага Нобель сыйлыгын алышкан. Ошол ыкма дүйнө жүзү боюнча колдонулуп, ашказан жарасынын жарым-жартылайын дары- дармек менен айыктырууга мүмкүн болуп калды.

— Акылбек Инаятович, мындан 4–5 жыл мурун эхинококкоз менен күрөшүүдө жаңы ыкманы ойлоп тапкандыгыңыздар жөнүндө маалымат алганбыз. Ал ыкма азыр кандай иштеп жатат?

— Ал ыкма ишке ашты. Ал бизде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да колдонуп жатышканын көрүп жатабыз. Ал ыкма мындай: эхинококк ыйлаакчасынын ичиндеги суюктукту алгандан кийин анын ичинде курттар болот да, анын баарын сордургандан кийин тазалайбыз. Эхинококктун сыртында чел кабык болот, ошол чел кабыкты жөн койсо ал жерде боштук калып калат да ага кан толуп ириңдеп кетиши мүмкүн. Фиброзный капсула деп коёт башкача айтканда чел кабыкты толугу менен алып коёбуз, бош жер калбайт. Акыркы беш жылдан кеңири колдонуп жатабыз.

— Медицина тармагындагы кайсы көйгөйлөр сизди тынчсыздандырат?

— Мурунку советтер союзунун убагынан бери хирургия тармагы каражаттын жетишсиздигинен бир топ артта калдык. Жаңы технологияларды колдоно албайбыз. Жаңы азыркы учурдун талабына ылайык имараттар курулган жок. Эски имаратта, эски жабдыктар менен эле иштеп жатабыз. Башка коңшу өлкөлөрдөгү медицина тармагына терең көңүл бурулуп, өсүп- өнүп жатканын көрүп суктанасың. Ошонун баарын иштете алган жаш кадрлар өсүп келе жатат. Бирок тилекке каршы өз өлкөлөрүндө талапка ылайык шарт жок болгондугунан бир топтору чет өлкөлөргө кетип калып жатышат. Дүйнөлүк хирургдардан болчу жигиттерибиз чет жакта жүрүшөт.

— Мыкты хирург болуу үчүн кандай сапатка ээ болуш керек? Адис катары жаш хирургдарга кеп- кеңешиңизди айтсаңыз.

— Эң негизгиси аракет. Аракетке берекет деп коет эмеспи. Биз хирургдар жумуш дегенде эс алганды билбей калабыз. Бейтапка операция жасагандан кийин дем алыш күнбү, майрам күнүбү айырмасы жок, сөзсүз келип абалынан кабар алып турабыз. Жакшы абалда болсо кубанып кетебиз. Бүткүл оюң, жан дүйнөң менен берилип аракеттенип иштеш керек. Ошондо ийгилик болот. Жыйынтык чыгат. Азыр технологиянын өнүккөн заманында артта калбай ошол нерселердин баарын өздөштүрө жүрүү да маанилүү. Медицина дүйнөдө күн сайын өсүп жатат, жаңы аппараттар, жаңы ыкмалар кирип жатат. Аларды интернет аркылуу карап, маалымат алып туруу керек. Дагы бир маанилүү маселе өзүнүн эне тилинен башка орус тилин билүү жетишсиз. Дүйнөлүк медицинадагы маалыматтын 20 пайызы гана орус тилине которулат экен. Калган 80 пайызы которулбаптыр, ага мүмкүнчүлүк жок экен. Демек чет тилдерин сөзсүз үйрөнүш керек, бул убакыттын талабы. Мындан сырткары ошол жаңы ыкмаларды Кыргызстанга киргизгенге аракет кылышыбыз керек.

Маектешкен Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *