Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Акылбек Сариев, БШКнын экс-төрагасы: «Эгерде VI чакырылыштын депутаттары таркаса, анда коллапс башталат»
САЯСАТ

Акылбек Сариев, БШКнын экс-төрагасы: “Эгерде VI чакырылыштын депутаттары таркаса, анда коллапс башталат”

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев журналисттерге президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши менен VI чакырылыштагы депутаттардын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген учурдан тартып бүтөөрүн унутпаш керектигин билдирди.

“Алардын жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин иштешкени мыйзамдуу. Эгерде алар өзүн-өзү таркатабыз деп жарыялашса, анда укуктук туңгуюк жана коллапс башталат. Азыр ошондой эле БШКнын редакциясы боюнча көптөгөн суроолор бар, анын негизинде өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө токтом кабыл алынды” – деди ал.

“Бул менин оюмча акыркы чечим эмес” – деп кошумчалады Сариев.

Ал кырдаал 2010-жылдагы абалына кайтып келиши мүмкүн деп божомолдоодо.

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “Кыргызстанга чарбачыл, экономиканы түшүнгөн, туура саясат жүргүзгөн, кадр тандоодо жаңылбаган эрктүү Өкмөт башчы керек”

Бакыт Төрөбаев: “Сапар Исаков «Сегиз айдын ичинде завод-фабрикаларды куруп, жумуш орундарын түзө алдык, айлык маяналар көтөрүлдү» деп айта алган жок”

Ажону уят кылган кудасы – «Ахмат-2» же сот залынан колуна кишен салынган Мураталы Тагаевдин кызматтагы баяны