Видео – Акылбек Жапаров: “Эл аралык валюта фондунан алынган $120 млн насыянын $110 миллионун өкмөт кайра эле карыздарга төлөп салыптыр, аны экономикага салыш керек эле”

Кечээ, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Депутат Акылбек Жапаров  пандемиянын шартында экономиканы жандандыруу  артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, тышкы жана ички карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн башка убакка жылдыруу зарылдыгына токтолуу менен Өкмөттүн бул жааттагы позициясына кызыкты.  Эл өкүлү Эл аралык валюта корунан алынган 120 млн доллардын 110 миллионун Өкмөт кайра ички жана тышкы карыздарга төлөп салганына нааразылык билдирди. “Бул акчаны  экономикага жумшасак болот эле да. Эмнеге карыздарды реструктизация кылбайсыңар, эмне кылып жатасыңар, мага так жооп бергилечи?”-деп сурады эл өкүлү Акылбек Жапаров.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келишимге кол коюлгандан кийин нормалдуу мамлекет аны аткарышы керек деп жооп берди. Бирок эки мамлекеттин башчылары сүйлөшкөндөн кийин келечекте төлөбөй туруу маселеси каралып жатат деди ал. “ Сиздин сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Төлөй турган акчаны башка мөөнөткө  жылдыруу тууралуу айтып жатасыз да. Эки мамлекеттин жетекчилери  70 млн доллар боюнча сүйлөштү. Биз үч  жылдан кийин 200 млн доллар бир жылда төлөйбүз”, -деди Өкмөт башчы.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *