Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты: “Атамбаев экономиканы колунан келишинче талкалап кетти”

– Акылбек мырза, жетимиштен ашуун депутаттын декларациясы так эмес болуп чыгууда. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Мен 2005-жылдан бери эле Кыргызстанда турмушка ашыра албай келатам, бүт кырызстандыктар декларациясын тапшырышы керек. Ошондо кимдин эмнеси бар экени чыгып калат. Ушуну жасата албай келатам. Такай жалгыз болуп калам. Өкмөткө барганда жалгыз болуп калам, парламентке келсем кайра жалгыз болуп калам. Быйыл дагы 2022-жылга жылдырып жатышат. Мен экономикасын бири-бирине салыштырбайын, бирок, салык боюнча Кыргызстандын потенциалы Армениядан кем эмес. Ал жакта 3 миллион киши жашайт, 3 миллиард доллар салык төлөйт. Грузияда 4 миллион киши бар, бирок, алар 6 миллиард доллар салык чогултуп жатпайбы. Аймагы биздикинен аз, Кумтөр деген жок, алтын казып аткан Кытайдын чоң компаниялары, гидроэнергетикалык потенциалы жок аякта. Бизде 1 миллион 200 миң машина бар. Бирок, ошондон салык төлөнбөй жатат. Салык төлөбөө – коррупциянын эң чоң булактарынын бири. Элге түшүндүрүш керек, «сенин декларациянда көрсөтүлгөн үй бир жолу салык төлөсөң сеники» дешибиз керек. Ошону кайненеси болсо кайненеси, кайнежеси болсо кайнежеси түшүнүүгө тийиш. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча ошондой. Менчик сеники болсо, сен ага салык төлөп жүргөн болсоң – ал сеники. Мүлкү барлар ушундан чочулап атышат. Мени жакшы көрбөй, көрүнгөн сөздү таратып аткандары да ушундан. «Эгер ушул механизм кирип калса, анда баарыбыздыкы көрүнүп калат турбайбы» депчи. Декларация жалгыз эле депутаттардыкы менен чектелбеши керек. Мен азыр дагы бир мыйзам жазып атам (бул парламентте жетишип каламбы, жетишпеймби, билбейм) «сот, депутат, өкмөт мүчөсү болом дегендер, айтор, бюджеттен акча алып жаткан 300 миң киши, биринчи кезекте саясый чоң кызматта жүргөндөр өзүнүн үй-бүлөсүн, бир туугандарын, кайын журтунун баарынын мүлкүн көрсөтсүн» деген норманы киргизишибиз керек. Мүлкүн көргөзгөндөн кийин аларга конфискация болбоосу зарыл. Бир туугандарынын, кайын журтунун ага эмне тийешеси бар? Бул Алмазбек Шаршендвичтин кылганы да, Нариман Түлеевден өч алыш үчүн өлүп калган атасынын да квартирасын алам деп. «Мен Кудайдын орун басарымын» деген деңгээлге жетип калган да. «Биз капитализм курабыз» деп жатабыз да. Байлык атадан балага гана өтөт, же сатылат. Эч ким тартып ала албашы керек. Мына ошондо гана адам баласы, коом өзүнүн ордуна келет. Ошондо гана адам баласы жалкоолонуп жата бербей, иштеп, «балдарыма бирдеме калтырайын» дейт.

– Декларант өзүнүн мүлкү тууралуу атайылап туура эмес маалымат берсе, мүлкүн жашырса, андайларга сиздин оюңузча кандай чара көрүлүшү керек?

– Административдик кодексте туура эмес толтурулса айыптар каралган. Бирок, Дүйшөн Зилалиевдин мисалында (ал күнөөлүүбү-күнөөлүү эмеспи, али сот өкүм чыгара элек) биринчи жолу «Мыйзамсыз баюу» деген берене иштей баштады. Ушуну эч ким унутпоого тийиш. Эгерде сен өзуңдүн мүлкүңдүн булагын көрсөтүп бере албасаң, анда чатак. Мына, акыркы эле алты жылдын ичинде менин келинчегим 680 миллион сом салык төлөдү. Ар бир киши салык төлөгөндөн тышкары мүлкү каяктан, кандай жолдор менен табылганын далилдеп бере алышы керек.

– Анда салык кызматы декларалиялар туура толтурулганын текшерүү менен эле чектелбей, байлык каяктан алынганын да иликтеши керек турбайбы?

– Ооба. Депутаттын декларациясы так эмес болсо, бир ызы-чуу түшүп алып эле токтоп калып атпайбызбы. Биз аягына чейин барышыбыз керек. Бүт элге түшүндүрүп айтышыбыз кажет. «Болгон  кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүңдү декларацияга көрөт. Мындан кийин ошол декларацияга жараша салыгыңды төлөй бер, эгер декларацияда көрсөтүлбөсө, салык төлөнбөсө, андай мүлкүңдү алабыз» деген механизм иштеши керек мындан аркысына.

– Мен билгенден Алмазбек Атамбаев экөөңүздөр партиялаш, жакшы мамилелеш болуп жүрдүңүздөр. Анан эмне болуп араңарды «кара мышык» аралап кетти?

-Биздин жолдорубуз 2012-жылы, мен каржы министри болгондо айрылды. Мен бюджет боюнча комитеттин төрагасы болуп турганда эле эмоция менен «тиякка акча бер, быякка акча бер» дегендин баарын токтоттук. Эки каржы министри отставкага кетти. Себеби, бүт мыйзам боюнча жасаш керек эле да. Бүгүнкү күнгө чейин 2010-жылдын бюджети боюнча отчет парламент тарабынан бекий элек. Анткени, аякта Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү, Россиядан бюджетке алынган 150 миллион доллар грант сыяктуу чоң суроолор тургандыктан, бюджеттик комитеттин төрагасы катары «ушул суроолорго жооп бергиле» деп туруп алдым. Анан Алмазбек Шаршенович мени чакырып, «Акыбай, билем, мыйзам чыгарган боюнча башың иштейт, бирок, аткаруу бийлигинде мага жардам бербейсиңби? 2005-жылда бирге революция жасап, үч жылда бюджетти үч эсе көтөрдүң эле. Азыр да көтөр. Аякка эч кимди кол салдырба. Азыр Бабановго сөз берип койдум эле, ал премьер болсун. Кийинкисинде болсо же премьер, же администрация башчысы кылып алып кетейин» деди. Кудай турат, бул анын өзүнүн сөзү. «Макул» дедим. Каржы министрлигине барып, баарын ордуна келтире баштадым. Дефицит кыскарып, бюджет көтөрүлө баштады. Ошол убактагыны карап көрсөңүз, 1 миллион 600 миң декалитр арактан акциз чогулта баштадым. Азыркы күнү 440 миңден чогултуп атышат. 800 миң тонна бензинден акциз чогултканбыз. Биринчи түшүнбөстүк «Ак кеме» мейманканасына байланыштуу болду. Ал киши «12 миллион долларды түрктөргө которуш керек» деди. Мен «которолу, бирок, үч ай өтөт го» десем, «эмнеге?» дейт. «Мен өкмөттүн отурумуна алып киришим керек, өкмөт бекиткен соң парламенттен үч жолку окуудан өтүп, анан президент кол коюш керек. Биринчиден, ал жак аябай чыр-чатак. Экинчиден, түздөн-түз которуунун жолу да, механизми ушул, каржы министри башка жол менен бир тыйын да которо албайт» десем, «мен айткандан кийин которо бербейсиңби? Көрөм сени, ошол жакта бир кызыкчылыгың бар го» деп тамашаламыш болуп койду. Бирок, экөөбүздүн мамилебиз сууй түштү. Экөөбүздүн ортобузга ажырым салган экинчи нерсе – бул «Датка», анан «Датка-Кемин» болду. Мен «Кытайдан 20 жылга албайлы» деп аябай каршы туруп алдым. Өмүрбек Бабановду да, Аскар Шадиевди да укпай койдум. Чыр-чатакты чыгара бердим. Ошондо да чакырып алып, «сен жөн бүтүрбөйсүңбү!» дегенде мен өз аргументтеримди келтирип, «азыркы Конституция боюнча сизге жазалбайм» деп жыйырма жылга эки пайыз менен «ТЕОсу, долбоору жок алганга болбойт» деп үч барак жазып, премьерге бергем. Ал – каржы министринин милдети да. Ошондо катуурак кетип калдык. Бабанов отставкага кеткенде мени да кетирип ийди. 2017-жылы болсо тегерегиндегилер бирдеме кылды окшойт да. Ал кезде тегерегиндеги жигиттер көздөрүнө эчтеке илбей, чалчаңдап калышкан…

– Ошондон кийин мамилеңер такыр үзүлдүбү?

– Каржы министрлигинен кеткеним менен адам катары мамиледе болуп жүрдүк. Жылына бир-эки жолу чакырып, мен барып, экономика боюнча сүйлөшүп калабыз. Бир жолу «айыл чарба министри кылам» деди. Бирок, тилекке каршы, бир фракция айыл чарба министринин кызматын сатып ийиптир. Аны билип калып, ал кишини «саткын» деп жүрдү (фамилиясын айтпай эле коёюн). Айыл чарба министрин бир да жолу кабыл албай койду.

Ошентип эле жүрдүк. Анан 2017-жылдары кетем деп калдыбы, же кочкорлук болуп менин инңм өзү баштадыбы, Кочкордон жолду тазалап коёюн дедиби, ким билет… «Экөөң тең кочкорлук болсоң, «тигинин веси бар» деп тиги киши айткан» деп бирөө айтат. Хотя мен андайга көп ишенбейм. Тегерегиндегилер кем акылдарын анча-мынча жүгүртүп отуруп жайлайлы (?) дештиби, иши кылып… КСДП түзүлгөндөн аягына чейин келаткан эки эле киши калганбыз да, анан мени 2017-жылы жанагындай тузакка илүүгө ашыкты…

– Алмазбек Шаршенович президенттиктен кеткенден кийин кээ бир кишилерди чакырып, кечирим сураганын уккан жайыбыз бар. Сизди чакырган жокпу?

– Бир-эки кишиден айттырыптыр. Мен «Алмазбек Шаршенович билет, өзү баштаган жумуштарды бүтүрө элек, эгер ошол жумуштарды бүтүрсө, мен ал киши менен жолугам» деп койдум. «Мындан ары сый эле бололу» дедим. Анан экс-президенттин статусун карап жатканда «кийин саясатка аралашпайт» деген норманы киргизгенде, «ал итти ошондо эле жайласам болмок экен» деп катуу бир жини келип жүрүптүр. Мен мыйзам менен аларды чектеп койдум да. Ойлоп көрсөңүз, азыр АКШда канча тирүү президент жүрөт. Ар бири эле телтендей берсе, эмне менен бүтөт? Америка ошондой нерсени өзүнө позвалять эте албайт, анан эмне үчүн кыргыз позволять этиши керек?

Саясат боюнча Атамбаевге бааны эл өзү берсин. Бирок, экономиканы талкалады. Колунан келишинче талкалады. Бир айдоочусун салык кызматына жиберип, эң чоң акча каяктан түшөрүн түшүнүп алды го (?) деген ой кетип атат мага. Эң чоң акча арактан, анан бензинден түшөт. Кумтөр сыяктуу чоң компаниялар салыгын төлөйт, аларды коркутуп-үркүтүп ала албайсың. Бирок, акцизди чоң туруктуу топ түзүп алып жайласаң болот да. Бензин кескин түрдө түшө баштады. То есть, ал өзүнүн ишенген кишисин жиберип туруп көрдү ичинен. Кимдер алып келип атканын көрдү дагы «вперед» деп койду да. Болбосо 600 миң то-на бензинди чөнтөк менен же болбосо машина менен алып келбейт да. 60 миң тонна деген бул 6 миң КамАЗ. 6 миң КамАЗ турса баарыбыз эле көрөбүз да. Бул 600 миң тонна болуп атат! Бул эшелон-эшелон менен келди. Президенттин тегерек-четиндегилердин, укук коргоо органдарынын баары ошол жерден аябай чоң пайдаларды көрүштү. Өзүнүн эң жакын кишилерин алып барбадыбы. Үй-бүлөсүн алып барган жок, бирок, жакын кишилеринин баарын алып барды да. Эң чоң акча түшө турган жер эки-үч эсе түшүп кетти. Арактыкы да ошондой болду.

Жалпысынан экономикабызды жарга алып келип такап салды. 2034-жылга чейин болгон акчаларыбыздын баарын… Азыр андан көрө бири-бирибизди чукулабай, карызды кантип төлө-бүз, ошону ойлонушубуз керек. Акылдуу жүрүштөрдү жасоо зарыл. «Эптеп эле күн өтсө» деген абдан туура эмес. Мени кейиткен ошол болуп атат. 14 тоннадан алтын өндүрүп атпайбызбы. Бир-эки, колубуздан келсе он тоннага чейин сатып алыш керек. Илгерки биздин ата-бабалардын, уруу башчылардын үйүндө тайдын туягындай болгон алтындан беш-алтоо болчу экен. Кун доолап келгендер жакадан алып, такыр болбой калганда ошону берип алып калышчу экен да өзүнүн элин, жеринчи. Ошол сыяктуу алтын-валюталык резерв Улуттук банкта эле эмес, өкмөттүн өзүндө, анан ар бир үй-бүлөдө болуш керек. Мен ошол механизмдерди айтып жатам, бирок, тилекке каршы, азырынча менин үнүм жетпей жатат окшойт…

Жума Тектирчиев

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *