Акылбек Жапаров, ЖКнын депутаты: “Пенсия менен пособие алгандардын саны 1 млн. 200 миңден ашып кетти”

– Акылбек мырза, «2023-жылы шаардыктар пенсия албай калышы ыктымал» деп бир кооптуу маалымат угуздуңуз. Эмнеге негизденип антип айтып жатасыз?

– Пенсиялык фондго шаардагы ишкана-мекемелерде иштегендер акча төлөп жатабыз. Анын дээрлик басымдуу бөлүгүн, 80 пайызын 360 миң бюджеттегилер түзөт. Ишканаларда иштегендердикин кошкондо 90 пайыз болот. Биздин калктын басымдуу бөлүгү элетте жашайт эмеспи. Биз жер салыгы менен камсыздандыруу взносун бириктирип койгонбуз. Жер салыгы аябай 4 аз, камсыздандыруу взносу да аз. Бирок, биз «минималдык пенсия жашоо-турмуш деңгээлинин минималдык чегинен өйдө болуш керек» деген милдеттенмени өзүбүзгө алып алганбыз. Пенсиянын базалык бөлүгү деп коёт, эч жерде иштебесең деле 1600 сомго чейин төлөйт. Анан жашоо-турмуш деңгээлинин минималдык чегинин айырмасын бюджеттен, пенсиялык фонддон төлөш керек. Ошентип эле биздин айылдагы иштебегендер, фермер сыяктуу бир гектарына 100-200 сом төлөп койгондор бүгүнкү күндө 2,5-3 пайыз пенсиялык фонддун кирешесин берет, чыгашанын 63 пайызын алып кетет. Жыл сайын булардын төлөмү азайып, алганы көбөйүп баратат. Пенсия деген эмне? Ким алты саны аман, акыл-эси ордунда, мүмкүнчүлүгү бар кезде акчасын кичинеден ката берип, кийин ошол акчага жашаганын «пенсия» деп коёт.

А биз муну иштеп, өзүнүн келечегин өзү ойлогон кишилердин механизми кылбай эле социалдык фонд кылып салдык. «Төлөсөң-төлөбөсөң деле жаш курагың келсе биз сага акча бере беребиз» деген коммунисттердин убагындагы кыялыбыз ошол боюнча калып калып, азыр экономикада аябай буралган кырдаалга алып келди. Бүгүнкү күндө биздин эки пайыздык чогултма бөлүгүбүз 17 миллиард сомго жетти. Бирок, андан башка акчаларыбыздын баары солидарный принцип деп, иштебегендерге кетип калып жатат. Азыр жаш курак узарып, 70-80ге чыгып калган жарандарыбыз көбөйдү. 2023-жылдан баштап пенсияга чыга тургандардын саны аябай көп. Азыр 600 миң болсо, 3-5 жылдан кийин 800 миңге жетет. Анан алар «келе менин акчамды» десе, «биз тиги жактагыларга берип салбадыкпы» дегендей кырдаал түзүлгөн турат. Улам келген өкмөт реформа кыла албай, «эптеп ушул жыл өтүп кетсин, кийинки келгендер башын оорутсун» деп отуруп эле 2023-жылга такалганы турабыз. 2019-жылы эле биз пенсиялык фондго 22 миллиард сомду бюджеттен бердик субвенсия катары. Укук коргоо органдарында иштегендердин пенсиясы эле 3 миллиард сомдон ашып кетти. 16 жашында аскер окуу жайына барган жигит 40 жашында эле пенсияга чыгып калып атпайбы. Жаштарыбыз кырктын кырына келип, жаңы эле майор болгондо пенсияга айдап атабыз. Алар убагында пенсиялык фондго төлөшкөн эмес, подоходный салык төлөгөн эмес. Алты саны аман кишиге пенсия беришибиз керек. Прокуратурада, салык, бажы кызматында, укук коргоо органдарында иштегендер пенсияга 15-20 миң сом менен чыгып атпайбы. Алар жумушта да иштешет, пенсияны да төлө дейт. Айткандын сөзү жаман, ыйлагандын көзү жаман. 2023-жылы энергосектор эле 9 миллиард сом тышкы карыз төлөш керек. 9 миллиард тышкы карыз төлөйбүзбү, же 20-30 миллиард соцфондго беребизби? Бир мүнөт эле кечиктирсек Кытай ТЭЦке өз кишилерин киргизет. Ратификациядан өткөн келишим боюнча ошондой. Алмазбек Атамбаев жайлап кетти да бизди. Көрүп туруп жасап кетпедиби! Карызды тейлешибиз керек да. Азыр 300 миллион доллардын тегерегинде. Ал эми 2023-жылы 400 миллионго жетет. Ошонун 80 пайызы Кытайдыкы.

– Сиздин оюңуз боюнча, абалды өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек?

– Азыр элге түшүндүрүш керек. Мисалы, Грузиянын өкмөтү мындай деди: «Урматтуу грузиндер, 70 жашка чыксаңар силерге 60 лари беребиз. Бул пенсия эмес, жаш курагы боюнча пособия. Ал эми пенсияны иштеген гана кишилер алат» деди. Мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду ачышкан, «канча төлөсөң ошол акчаңды аласың» деп өкмөттүн мойнунан алып салышты. А биз ага бара албай жатпайбызбы. «Иштесең-иштебесең мейли, момундай кагаздарды алып келсең эле сага пенсия төлөнөт» дейбиз. Майыптыгы боюнча пенсияга чыккандардын саны революция болгон сайын үч-төрт эсеге көбөйөт. Азыр пенсия менен пособие алгандардын саны 1 млн. 200 миңден ашып кетти. Ал эми иштегендерибиздин саны аз болуп атпайбы. Биз элге диагнозду туура айтпай, ооруну хирургиялык операцияга алып келе жатабыз. Мен өзүмдүн тажрыйбаман, көрүп турган нерселеримди айтып жатам. «Эртең, эртең» деп отурушуп, мына эми 2020-жылдын шайлоосун күтүп жатышат.

– Акыбалыбыз ушунчалык начар болсо, «эл көргөндү кошо көр» деп 80-100 миң сом пенсия алгандардын ырыскысын бир аз чектесе болбойбу?

– Карасаңыздар, ошолордун баары мурда прокурор, сот, министр болушкан. Аларды мамлекеттик эмес пенсиялык фондго кетириш керек. Капитализм ушундай нерсе, сени эч ким карабайт. Таптакыр майып болуп жатып эле калбасаң, эч ким жардам бербейт, өкмөттө акча жок деп эч ким ачык айта албай жатпайбы. Кичинеден болсо да баарына бирдеме беримиш болуп коёт. 360 миң киши 5-8 миң сомдон айлык алат. Бишкекте ал эчтекеге жетпесин баарыбыз билебиз. «Эмне кылып жашап жатасың?» деп сурасаң, башын жерге салат. Себеби, 360 миң киши элге кызмат кылгандын ордуна беш жарым миллион кишини эзип атышпайбы. Справка бербейт. Эзип, бирдеме өндүрүш керек. Жашаш керек да ал дагы. Жашаганда да жакшы жашашым керек дейт. Коррупцияга түрткү ушул болуп жатпайбы. Ошон үчүн 360 миң чала сабат, чала ачка кишини 180 миңге чейин кыскартып, курсагын тойгузуп койсоң, элди эзбей калат да. Санариптештирип салсак, алардын бар экени сезилбей да калат.

– Парламент ошону жасаса болбойбу?

– Биз сунуштап, бирок, аз болуп калып атпайбызбы. «Бир Бол» бул боюнча программаны да бергенбиз премьерге. «Жасап атабыз» деген менен эле чектелишет.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *