Акылбек Жапаров, ЖК депутаты: “Кыргызстан 30 жылдан бери эле сырттан келген акчаларга ишенип, жыргап жүрө бергенбиз”

– Акылбек Үсөнбекович, коронавирус пандемия деп жарыялангандан бери ар бир өлкө чек арасын жаап, коопсуздукту бекемдеп жатат. Бул чаралар дүйнөдөгү экономикалык кризистин эпкинин пайда кылууда. Бизге окшогон мамлекеттерге ушул эпкиндин таасири кандай болот?

– Бул эпкин Кыргызстанга окшогон өлкөлөргө чоң коркунуч жаратат. Биздин экономикабыздын структурасы импорттон көз каранды. СССРден калган кайра иштетүү тармагын таптакыр жокко чыгарып алганбыз. Айыл чарбасы мурун ИДПнын 42 пайызын берчү, азыр 18 пайыздын тегерегинде эле берет. Анда дагы сырьёну гана алабыз, кайра иштетүү, сактоо деген жок. Ошондуктан, жашоо-турмушубузда, бизнесте, экономикабызда керектөөчү заттардын 80 пайызына чейин импорттоп, бөлөк мамлекеттерден алып келип калганбыз. Өзүнүн экономикалык структурасын өзгөртө албаган, башкалардан көз каранды болуп калган өлкөлөрдүн бирибиз. Тилекке каршы бюджетибиздин 80 пайызынан ашыгы жалаң салык менен толукталат. Ошондуктан, бул эпкин бизге эки жагынан тең чоң коркунучтарды туудурат. “Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?” дегендей, Орто Азия чөлкөмүндө Кыргызстанга эң кыйын болот. Азыр эле жашырбай экономикада кыйынчылык абал боло турганын айтып коюшубуз керек.

– Керектөөбүздүн 80 пайызы импорт болуп жаткан соң, коопсуздук маселе жаралбай койбойт да. Өкмөт эки багыгта штаб ачып иштеп жатат. Ушул аракет туура болдубу?

— Коронавируска караганда паника абдан жаман. Буга чейин 6 млн эл өкмөткө, бюджетке көз карандысыз эле жашоо-тиричилигин жүргүзүп келген. Мындан кийин да жүргүзө берет. Глобализация деп интернет пайда болуп, баарыбызды бириктирди. Азыркы вирус дагы айла жок баарын бириктирип жатат. Адамга атасы өлсө деле угузат да. Эми баарыбыз паникага түшүп албай, көздү чоң ачып, мындан ары эмне кылабыз деген менен баш оорутканыбыз туура. Менимче, азыркы проблеманы экиге бөлүш керек. Биринчиси,саламаттыкты сактоо жааты. Бул багытта эмне иш кылаарын Өкмөт элге так айтып берүүсү зарыл. Өкмөт эки штаб түзүп алып, элдин башы айланып бүттү. Бир эле штаб болуп, аны премьер-министр өзү жетектеп, керек болсо президент башында турушу керек. Экономикалык жагын премьер-министр, саламаттык сактоо жаатын президент өзү көзөмөлдөп, экөө катуу туруп, маселе бир жерден чечилиши шарт. Саламаттыкты сактоо жагынан жардам бере турган өлкө Кытай. Анткени, Кытай 1,4 млрд элди катуу оорудан сактап калды. Баарын кол жууганга,тамак-аш менен камсыз болууга үйрөттү. 60 млн эли бар провинцияларды жапты. Ушундай иш-аракеттерди жасап, биртоп кемчиликтерди кетирип, башынан кыйынчылыктарды өткөзүп, вируска каршы жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, механизмдерин иштеп чыкты. Бул вирус Европага жетти эле, ал жакта демократия, өзүм билемдик, анархия болуп атып, азыр кандай абал жаралганын көрүп жатабыз. Ошондуктан, саламаттык жагынан Кытайдан ооруну таратпоо, күчөтпөө, дарылоо, дары-дармек, оорукана жагынан жардам сурашыбыз керек. Азыр бир эле адамдан сураганда 70 киши менен учурашканын айтып жатат. Ошондуктан 100,200,500,1000 кишилик лагерлерди уюштуруп, адамдарды топко бөлүп кармап, вирусту таратпагандай механизмдерди караштырышыбыз керек. Бул жагынан да Кытай жакшы жардам бере алат, кол кабыш кылат деп дагы ишенем. Муну элге ачык айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, керек болсо Кытайдын адистерин алып келип, алардан үйрөнүшүбүз керек. Врачтардын айткандарына баш ийип, мен кыйынмын, өзүм билем деген ойдон алыс болсок. Кыз-келиндердин “Мен идиш-аяк жуубайм” дегенин кийинкиге калтырып, баарын таза кармап, врачтардын айткандарын жасап олтурсак, бул илдеттен дагы өтүп кетебиз.

— Экономика жагында абал кандай болот?

– Экономикада структуралык реформа болбогон соң, анын кесепетин эми тартабыз. Кыска аралыкта сүф деп экономиканы өзгөртө албайбыз. Азыр абалга жараша эсептелинген ыкчам чечимдер керек. Ошондой чечимдердин бирин президент “жесткий экономия” деп айтты. Тилекке каршы, өкмөттүн мындай кадамдарын көрбөй турам. Ушул жылы 28 млрд сомду тышкы карызды төлөгөнгө мойнубузга алып алганбыз. Январь-февралда 2,5 млрд сом тышкы карызга жумшалыптыр. Каржы министри январь-февраль айында эле дүйнөнүн 153 мамлекетинин каржы министрлерине телефон чалып, “Мен сага карыз элем, абал мындай болуп жатат. Бир жылга коё тургулачы” деген сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 2,5 млрд сомду төлөбөй туруп, реструктуризация жасап, 28 млрд сомдун 14 млрд сомун бюджетке алып калышыбыз керек. Мындан дагы үнөмдөсөк болот. Командировка, негизги фонд, прочие дегендерди карай турган болсок 29 млрд сомдун тегерегинде. Ушул жерден 10 млрд сомду үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк бар. 3-4 кварталда жумшала турган каражаттардын баарын мамлекеттик резервдик фондго чогултуп алып келишибиз керек. Улуттук банкта 2 млрд 200 млндон ашык валюталык резерв бар. Эгерде чек аралардын баары жабылып калса, 3 же 6 айлык импорттун баарына акчабыз жетет деп ушул акчаны кармап жүргөнбүз. Азыр ошол резервдеги акчаны кыймылдата турган учур келди. Сомдун баарын топтоп, доллар керек болсо Улуттук банктан сатып алабыз. Буга эч ким тоскоолдук кылбайт. Коронавирустун кесепетин азайтып, экономиканы алдыга жылдырып кетиш үчүн сөзсүз акча керек. 300 млн долларга облигация чыгарып, аны банкка берип, ордуна доллар алып, ошол долларга Кумтөрдөн чыгып жаткан алтынды алып коё беришибиз керек. Ушундай резервди дагы даярдаганыбыз оң. Өткөн жылы 70 млрд сомго чейин мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөнбүз. Мындан дагы кесепети тийбей тургандарын токтотсок, 20 млрд сомдой акча үнөмдөйбүз. Быйылкы жылдын бюджетинин ичинен эле 30-40 млрд сомду экономдосок болот. Эконом кылган акчаны өзүнчө бөлүп алган соң, банк аркылуу бизнеске жардам беришибиз зарыл.

— Банктар ишкерлерге пайызы менен кредит берип пайда табууну көздөшөт да. Кредиттин пайызын тоңдурса банктар банкротко учурайт. Кредит алган ишкерлер азыркыдай абалда иш жүргүзө албай, пайызын төлөгөнгө кудурети жетпей калат. Кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?

– Бизде 20дан ашык банк, 20га жакын кредит берген бюролор бар. Ушул 40 финансылык институт былтыр 863 миң кишиге кредит бериптир. Демек, бир жыл ичинде эле 863 миң үй-бүлө кредит алган. Экономикабыздагы эң чоң маселе ушул. Той-топурларды жапкыла деди, ресторан-кафеде иштеген балдар айлыгы жок калат, мейманкана, базарда иштегендердин айлыгы кескин түрдө азаят. Булар кредит алып алышкан. Эми эмне кылыш керек? Кредиттеринин пайыздарын тоңдуруп же болбосо азайтыш керек. Болбосо такыр жокко чыгаруу зарыл. Туура, бул банктарга чыгашалуу. Бул жолдон чыгуу үчүн өкмөт топтоп койгон 40 млрд сомдон банктарга компенсация бериши керек. Муну кылбасак банктар банкрот болуп, таптакыр таз кейпибизди кийебиз. Ушундай эсептөөлөр менен кыйын кырдаалдын экономикага болгон кесепеттерин азайтсак болот. Азыр жок дегенде 3 айга кредиттин пайызын, төлөө мөөнөтүн токтотуп беришибиз керек. Цифровизация деп айтып жатпайбызбы. Ар бир банкта маалыматтын баары бар. Ошолорду Каржы же Экономика министрлигине чогултуп, так маалыматты чыгаруу зарыл. Эгер мен өкмөттө иштегенимде “Мынча миң адам кредит алыптыр, алардын ичинен 70 жаштан ашкан кишилердин төлөө мөөнөтүн 2 жылга узарттык. Силер кредитиңерди 2 жылдан кийин төлөйсүңөр, балким кечтирип салабыз, кыжаалат болбой ден-соолугуңарды карагыла. 40 жаштан 70 жашка чейин, 20 жаштан 40 жашка чейин мынча киши кредит алыптыр, булар үчүн мындай иш аракеттерди жасайбыз” деп элге айтмакмын.

– Кредитти төлөө мөөнөтүн 3 айга узарттык дейли. 3 ай өткөндөн кийин ишкерлер иштөө үчүн акча табыш керек болот да. Анда кандай жардам бериш керек болот?

– Туура, мурунку кредитин төлөө жана ишти баштоо үчүн жаңы кредит албаса иш жүрбөйт. Мындай учурда резервге койгон акчадан банктарга кайрадан акча берип, ишкерлерге пайызы жок же ,аз өлчөмдөгү пайыз менен кредит бербесек, экономика от албайт. Коронавирус токтогон мезгилге дагы өзүбүздүн экономикалык планыбыз даяр болушу керек. Азык-түлүк коопсуздугу көйгөй жаратат деген сөздөр болуп жатпайбы. Биз сырттан кирип жаткан буудайдан НДСти алып салып, өзүбүздөпу буудай иштеткен ишканаларды сактап калайлы дегенде, аны дагы саясатташтырып жиберишип жок кылган. Бүгүн ун менен башаламан боло түштүк. Контрабанда дегенди карабай коюп, Казакстандан арзан ун кирип, жергиликтүү ишканалар салык төккөндөн кийинки баа кымбат болуп, банкротко чейин жетип жабылып.азыр 700 сомдон башталган унду 2000 сомго чыгарып жиберишти. Өзүбүздүн ишканалар иштеп жатса, аны көзөмөлгө алганга мүмкүнчүлүк болот. Ушул саясатты өзгөртүү учур талабы болуп турат. 400-500 ун чыгарган чакан ишканаларды ар дайым колдоп турушубуз керек экенине көз жетти. Тамак-аштын көп түрүн өзүбүздөн чыгарышыбыз керек.

– Вирустун айынан жаралган экономикалык кыйынчылыктан сырткары күчтүү державалардын ортосундагы экономикалык согуш дагы дүйнөлүк кризисти жаратып жатпайбы. Россиянын Батыш өлкөлөрү менен болуп жаткан экономикалык согушунун таасири Кыргызстанга өз залакасын тийгизеби?

-1 млн элибиз Россияда жүрөт деп атып ЕАЭБге мүчө болгонбуз. Жакшы жагы биздин мекендештерге бир топ жеңилдиктер болду. Бирок, Россия бир гана АКШ менен эмес, бүтүндөй Батыш менен кармашып жатат. Бул экономикалык согушка Сауд Аравия дагы кирип, нефть согушу башталды. Мунун кесепети Кыргызстанга тийбей койбойт. Рублдин куну түштү эле биздин сомдун дагы куну түштү. Буга чейин 1 доллар 70 сом болуп турду эле, азыр 85 сомго көтөрүлдү. 15 сом айырма болду. Мындан да жаман акыбал жаралышы мүмкүн. Биздин 4 млрд доллар тышкы карызыбыз бар. Азыркы курс менен ошону төлөө үчүн дагы 60 млрд сом көбүрөөк салык чогултушубуз керек. Экономикабыз болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта иштөөгө туура келет. Бизде андай болбой жатат. Кризис дегендин белгилери ушундан билинип калат. Дүйнөдөгү болуп жаткан экономикалык согуштун кесепети бизге дагы тийет. Арстан Алайга ишенип, коронавирус бизге келбейт деп олтурбадык беле. Көрсө, дүйнөнү каптаган вирустун, Россиянын Батыш менен болгон экономикалык согушунун кесепети бизге сөзсүз келет экен да. Кыргызстан 30 жылдан бери эле сырттан келген акчаларга ишенип, жыргап жүрө бергенбиз. 30 премьердин баары экономика ооруп жатат, табилетке берип койсом оңолуп кетээр, же болбосо 40 күн суу берсем бутуна туруп кетет деп атышып, бүгүнкү деңгээлге жеттик. Бирөөсүдагы экономика оорулуу, операция жасайм деп айтпайт. Абалды элге ачык айтып, оорулуу экономиканы операция кыла турган учур келди.

– Дүйнөлүк кризис башталган учурда бизге келген инвесторлордун саны кыскарат, өндүрүшкө салынган инвестициянын көлөмү азаят. Ушундай шартта өзүбүздүн өндүрүштү кантип бутуна тургузуп кетебиз?

– Тоо-кен тармагына Кытайлык ин-вестор келгени менен, ал жерде 80 па-йыз Кыргызстандын жарандары иштесин дегенден кийин ошол шарт аткарылышы керек. Жергиликтүү бийлик көзөмөягө ал-сын,экологиялык стандарттар бузулбасын. Сооронбай Шарипович менен кошо Кытай-га барганда Си Цзиньпин “Кытайдан бар-ган инвесторлор биринчиден экологияны, экинчиден силердин салттарды.үчүнчүдөн мыйзамыңарды так аткарышы керек. Ушул 3 нерсени жасабаса жазалагыла. Жок, силер жазалабайбыз десеңер бизге айткыла, өзүбүз жазалайбыз” деп айтты. Иштин баары өзүбүздө болуп жатпайбы. Келген инвесторго салтыбызды, экологияны түшүндүрбөйт, мага акча берип койсоң эле ишти бүтүрөм дейт. Чиновниктер акчага справкаларды жасап берет. Ошон үчүн эл көтөрүлүп кетүүдө. Келген инвестордун баары конок. Кыргыз конок келгенде, анан кеткенде сүйүнөт. Ошол сыңары канча конок келгенин, качан кетерин так билиш керек. Ушундай 3-4 шартты эле жолго салып, койсок, баары жолго түшөт. Инвесторсуз экономикабызды алдыга жылдыра албайбыз. Келген конок 3 жыл иштеп өзүнүн салган акчасын актасын, дагы 2 жыл иштеп киреше алсын, ошол менен 5 жылдан кийин баарын өзүбүзгө өткөрүп берип кетип калсын. 30 жыл ичинде кетирген кемчиликтерибизди кайталабайлы. Ушундай ыкманы колдонсок, коноктун акчасына завод, фабрика куруп, 5 жылдан кийин өзүбүз иштетип кетебиз.

– Вирус жараткан кырдаалдан бюджет 28 млрд сом зыян тартат деген экономикалык божомол аныкталды. Мындай зыян менен сиз айтып жаткандарды ишке ашыруу өтө эле кыйынга турат го?

– Бала кезде тайэнем ооруканага жатып калганда,ата-энем менен чогуу көргөнү барат элем. Тайэне кандай?-десем,“Жакшы балам, шүгүр, шүгүр” деп койчу. Өкмөт деле шүгүр деп турушу керек, баарын коркута бербей. Экономикада өзүбүзгө милдет коюшубуз керек. 2020-жылы алдыга жылабыз деп айтпай туруп, 2019-жылдын көрсөткүчтөрүн ылдый түшүрбөй сактап калалы деген милдеттенме алалы да. Эгер ошондой милдеттенме койсок, салыктын планынан 10 млрд сом азайтабыз. Пандемия болуп жаткан соң киреше салыгы дагы түшпөйт. 30 миң адам патент албай калды дешүүдө. Биз кааласак дагы, каалабасак дагы буга оңдоп-түзөөнү жасап берүүгө туура келет. Ушунун баарын эсептеп чыкканыбызда 10 млрд сом болот экен. Эмне үчүн мындай эсеп өкмөттө жок? Соода-сатык азайгандан кийин бажыдан 8 млрд сом түшпөй калат экен. Кошкондо 18 млрд сом болот. Биздин бюджетибизде 16 млрд сом запасыбыз бар. 2 млрд сомду салыктан эле табабыз да. Эффективдүү эмес чыгашаларды кыскартып, “понт” менен жашаганды токтотсок эле зыянды алда канча кыскартабыз.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *