Акын Зайырбек Ажыматов “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алды

Бүгүн, 30-декабрда журналист, акын Зайырбек Ажыматов мамлекеттик сыйлык алды. Ага президенттин жарлыгы менен “КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.

Журналист эмгек жолун айтылуу «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», “Бишкек таймс”, “Жаңы Агым” гезиттеринде жана КТРКнын радиосунда иштеген. Учурда “Азаттык” радиосунда эмгектенет. Акын «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар»,”Жүрөктөгү бороон” ыр жыйнактарынын автору.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *