Акыркы самурай

Кыска өмүрдү нуска жашаш керек деген сөздү этибар да албай жашоодо канчалары эки жүздүүлүк менен кошоматчылык, ич тарлык менен таш боордук, ач көздүк менен алдамчылык сыяктуу көңүл иренжиткен көрүнүштөрдү көндүм иш катары жасап жан багышат. Эки тизгин бир чылбырды колго алышкан азыркы мыкчыгерлер эзелки кыргыздын “эмнени эксең— ошону оросуң» деген накыл кебин электен өткөрүп, акыл калчашабы?! Дегеле, эли-жерин, Ата Журтун аздектеген кыраандар бир кездерде ар намысты, абийирди туу тутушуп, бир чымчым толпурак үчүн жандарын садага чабышканын эстешеби?! Эл бийлеген эрендерибиз акчага марыйбыз деп атып Ата Журтту кескилешкенин өз учурунда түшүнүштү болду бекен деген сан-түркүн суроолор туш-тараптан жамырап, көбүбүздүн тынчыбызды алат.

2014-жылдын 16-январында Жапонияда абийир менен ар намысты калка кылган, Ата Мекенди кантип аздектеш керек экендигин бүткүл дүйнөгө көрсөтө алган бир эр азамат акырет сапарга аттанды. Аз да болсо ар намыс деген эмне экенин түшүнүп алалы деген ниетте анын баскан жолуна үңүлүп көрүүнү эп көрдүм…

Дүйнөнү дүңгүрөткөн кабар

1974-жылдын 10-март күнү Филиппин аралдарынын бири Лубангда дүйнөнү дүңгүрөткөн бир кызыктуу жаңылык полиция башкармалыгынын алдында жаралды. Таң жаңыдан куланөөк салып, анан аз өтпөй күн шооласы айланага тегиз чачыраган кезде жашы элүүдөн эңкейип калган, жапан императордук аскеринин кийимин кийген адам үн катпай басып келип жылмая тиктеген жергиликтүү филиппин полициясына алик алуунун ишаараты кылып жүгүндү да оо, эчен жылдарды карыткан мылтыкты жерге таштап, какыйып түз туруп калды. Дүйнө саамга катып калгандай болду. Буга күбө болуп жатышкан айланадагы адамдардын бардыгы эскилиги жеткен аскер кийимине да көз чаптырып алышты. Анан аскер кийимчен алиги адам тегерек-четти бир кылчая тиктеди да:

– Жетекчимдин багынып бер деген буйругун аткарып жаткан подпоручик Хиро Онодамын! -деди. Анын аскер кийими “үф-ф” деп үйлөп койсо айрылып кетчүдөй үлбүрөп араң турду. Ооба, аскер кийим менен жаңы эле жерге ташталган мылтыгы, анан белине кыстарган самурай кылычы ага өз кезегинде опол тоодой кызмат өтөдү. Ойлоп көрсө, Онода отуз жылдык өмүрдү ушул калың чердүү токой ичинде өткөргөн экен…

Эч качан багынба!

Түнт токойдогу мекенге кылган отуз жылдык кызмат мындайча башталган. Анда 1944-жылдын 17-декабры болчу. Филиппин аралдарынын бири Лубангда америкалык аскерлерге каршы согушуп жүрүшкөн эле. Батальондун командири майор Танигучи 22 жашар подпоручик Хиро Оноданы карап олтуруп улуу урматтуу император менен Ата Мекенге кызмат кылып жан аябай салгылашат жана аскердик антынан тайбай акыр аягына чейин чыдайт деп терең ишенди. Анан азганакай сандагы аскерлерге Оноданы башчы кылып дайындап жатып:

– Биз артка чегинүүдөбүз. Бирок, бул убактылуу эле. Силер тоо тарапты өрдөп кеткиле. Душмандарга мина коюп, кампаларын жардырасыңар. Мен силерге өз жаныңарды кыйганга жана багынганга тыюу салам. Үч жыл өтөбү, төрт жыл өтөбү, беш жыл өтөбү, мен баары бир артыңардан кайтып келем. Кандай гана болбосун менин гана буйругума баш ийишиңер керек. Бул жактан кетүү тууралуу буйрукту мен гана бере алам, уктуңарбы!? – деди.

1945-жылдын март айында Филиппин аралдарында салгылашып жүрүшкөн жүз миңдеген жапан аскерлери куралдарын жерге ташташты. Арадан жарым жылга аяк баспай Экинчи Дүйнөлүк согушка соңку чекит коюлду да, Жапония багынып берди. Бирок, Онода үчүн согуш жаңыдан гана башталган. Ошол саам Онода майор Танигучинин буйругун так аткарыш үчүн алдыда дагы отуз жылдык өмүр турганын кайдан билмек эле!? Ооба, Оноданын алдында эми душмандар жайгашкан жерлерге мина коюу, партизандык согуштарды уюштуруу милдеттери турат.

Онода Лубангда жайгашкан башка отряддагы жапан аскерлери эмне болушкандыгынан кабар ала албады. 1945-жылдын октябрь айында токой аралап жүрүп америкалык учактар аркылуу ташталган кагаздарды таап алды. Анда: «Жапония 14-август күнү жеңилүүгө дуушар болду. Тоодон ылдый түшкүлө да, багынып бергиле!» – деп жазылыптыр. Кагазды окуду да, аргасыз жылмайды. Так ошол аралыкта жакынкы аралыктан мылтык үнүн эшитип калды. Көрдүңбү, демек, согуш али аяктай элек деген ойго такалды. Ал эми бул кагаздагы жазуулар душмандардын бизди тоодон ылдый түшүп багынып берсин деген амалы тура, демек, бул жердеги Жапония жеңилди деген маалымат жалган. Биз буларга көрсөтөбүз. Бу америкалыктардан биз алдаганча акылдуубуз деп ойлонду ичинен. Жок, бул жерде тура берген жарабайт. Аралдын тээ түпкүрүнө дейре кете бергенибиз оң деп чечти Онода.

Мекенин саткан жүзүкара

Оноданын жанында бар болгону капрал Шимада, катардагы жоокер Козука экөө эле бар. Арадан аз мезгил өтпөй 1946-жылдын февралында катардагы жоокер Акацу келип кошулду. Ошентип калың черлүү токой ичинде төртөө душмандар менен партизандык согушту мындан ары уланта беришмекчи. Анда бардыгы тең жапжаш, күч-кубатка толгон курак. Жалгыз гана Шимада деген курбусу булардан беш-алты жаш улуу жана үй-бүлөсү бар адам.

Күндөр түнгө алмашып, арадан айлар ага берди. Булардын алдында мекенге жана улуу императорго кызмат өтөө гана эмес, катаал шартта кантип жанды аман алып калабыз деген да оор милдеттер турду. Токойдогу төртөө банан, мөмө-жемиштерди терип жеп, каман чочколорго аңчылыкка чыгышты. Кокос сүтүнөн ботко жасап, суудан балык тутушту. Айтор, өлбөстүн күнүн көрүп, токойдогу тирилик өз нугунда өтүп жатты.

Согуш дале уланып жатат деп ойлошту. Эмнеси болсо да майор Танигучинин тапшырган буйругун аткарып, Ата Мекен алдында ак кызматыбызды аткарганга милдеттүүбүз. Кандай болгон күндө да ар бир окту үнөмдөп, курал-жарактарыбызды аяр сактайлы дешти. Ушул төртөө сыяктуу Жапониянын жеңилгенине дале ишенишпей согушту партизандык ыкмада улантып жатышкан аскерлерди токой ичинен таап чыгалы деп атайын багыттагы аскерлер тик учак менен келип издеп атышты. Бирок, Оноданын эр жүрөктүүлүгү менен амалкөйлүгүнүн аркасында көрүнгөн жылга-колотту тинтишкен душмандардан үч жолдошу да жандарын аман сактап калды. Жөө жалаңдап же тик учак аркылуу ар бир кыштакты тинтишкен душмандардан көз жазгыруу үчүн Лубангдын тээ тереңине дейре сиңип житип кетишти. Кайсы бир ирет Хиро Оноданы жана анын жанындагы аскерлерди кармаш үчүн кампания уюштурулуп, ага 13 миң адам катышты. Бул иш-чарага ошол кезде аябагандай чоң өлчөм деп саналган 375 миң доллар короду. Бирок, эч майнап чыкпады. Онода жана анын жанындагы жолдошторунун бири да тизе бүгүп багынып беришпеди.

Арадан төрт жыл өткөн соң 1949-жылы катардагы жоокер Акацу жолдошторун таштап туруп филиппиндик аскерлерге өз эрки менен кетип калды. Аз күн өтпөй Акацу Онодага жана жакын жолдошторуна филиппин аскерлери аны абдан жылуу-жумшак кабыл алышканын баяндаган тил кат таштап кетиптир. Эмнегедир Онода Акацуга тээ башта эле анча ишене берген эмес. Эми ээн токойдо алдына жалдырап келип олтурган мекендешин талаага таштамак беле, арга жок өз аскерлеринин катарына кошууга туура келген ошондо. Каттагы жазууга түк ишенбеди. “Жүзүкара, мекенин саткан чыккынчы!” – деп, эрдин
кесе тиштеди Одана. “Ата Мекенге жана улуу даражалуу императорго берген антыңдан кантип тайдың, намысы жок акмак?” Ачуусунан улам жаак эттери түктүйүп чыкты…

Жашоодон чарчаган Шимада

1952-жылдын февралында аралды аралап жүрүшкөн аскерлерге кайтадан тик учактар аркылуу каттар ташталды. Каттардын арасынан капрал Шимада эки баласы менен аялынын сүрөтүн көрдү. Жүрөгү зырп дей түштү. Көңүлү алдагайда алып учуп, жанын коерго жай таппай жатты. Санаасы санга бөлүндү. Согушка жөнөп аткан кезде Шимаданын аялы кош бойлуу эле. Бу сүрөттөгү кичинекей кыз чындап эле менин кызымбы? – деди ичинен. Ошол тушта тээ жүрөктүн түпкүрүндө терең катылган аялуу бир сезим көңүлүн кытыгылап, бир топко үн катпай олтурду. Анан аздан кийин эсин жыйды да, оор күрсүнө дем алып “жок, эч качан!” деди. Булар мени колго түшүрүүнүн амалын ойлоп табышып, анан ушул сүрөттү жөнөтүшкөн тура! Эч качан багынып бербеш керек! – деген чечимге келди Шимада.

1953-жылдын июнь айында жергиликтүү балыкчылар менен болгон аткылашууда Шимаданын оң бутуна ок тийип, оор жарадар болду. Төрт ай чамасында Онода Шимаданы дарылап, үстүнө үйрүлүп түштү. Оң бутундагы жарааттан айыкканы менен негедир Шимаданын маанайы огобетер чөгүп, мурдагыдай шайыр эмес. Душмандар таштаган алдамчы сүрөттү кечке дейре тиктеп олтура берет да, анан ачуу үшкүрүнүп кайрадан кыялдардын кемесине түшүп жөнөйт. Дагы бир күнү Шимада адатынча тунжурап олтуруп “Он жыл… Туптуура он жыл» деп үн ката күбүрөнгөнүн кулагы чалып калды Оноданын.

Бир күнү капилеттен душмандар кол салышты. Душмандардан коргонуунун айла-амалдарын кылып, бир топко дейре аткылашып жатышты. Жалгыз гана Шимада жашоодон үмүтүн эбак үзүп койгондой. Душмандарга жооп кайтарбай же өзүн коргоп да койбой мелтиреп салгылашып аткандарды карап тура берди. Бир оокумда ок Шимаданын так чекесине кадалды. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, душман тараптан да, өзү тараптан да ок атуулар Токтоп айланага тынчтык орногон кезде чекесине кадалган октон мүрт кетип жерде көзү ачык сулк жаткан курбусунун жансыз жасатын көрүп алып Оноданын өзөгү өрттөндү. Неге душмандын бет алдына келип өзүн окко тосуп берди? Неге алардан коргонуу жолун издебеди? Жашоодон ушунчалык чарчадыңбы? – деди Онода дале эсине келе албай…

(Уландысы кийинки санда)

Данияр Исанов

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *