Акыркы сутка ичинде Ош облусунда коменданттык саатты бузган 14 адам кармалды

Акыркы сутка ичинде Ош облусунда коменданттык саатты 14 адам бузган. Ал эми 25-марттан бүгүнкү күнгө чейин 356 жаран коменданттык саатты бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде онлайн-брифинг учурунда Ош, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан, региондогу криминалдык жана коомдук-саясий кырдаал туруктуу деп бааланууда.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *