Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ала-Тоо аянтында “Баарына каршы” акциясы өтөт
Коом

Ала-Тоо аянтында “Баарына каршы” акциясы өтөт

23-сентябрь күнү Бишкекте баардыгына каршы добуш берүүгө чакырган тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Баарына каршы кыймылы Ала-Тоо аянтына 23-сентябрь саат 12:00го “Баарына каршы” акциясына чакырат” – деп жазган Эркин Бөлөкбаев.

Жаңыдан түзүлгөн “Баарына каршы” коомдук кыймылынын мүчөлөрү шайлоочуларды алдыдагы парламенттик шайлоодо бир дагы партияга добуш бербөөгө үгүттөөгө ниеттенүүдө.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 16 партия каттоодон өткөн.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады